Баткен облусунда 5 мектеп модернизацияланат

19-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында Баткен облусунда 5 мектеп модернизацияланат.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, учурда Кадамжай районунун Сары-Алтын айылындагы Сары-Алтын мектебинин жаңы имараттарынын курулушу жүрүүдɵ.

Жаңы курулган мектеп жер титирөөлөргө туруштук берет жана электр энергиясын үнөмдүү сарптайт.

Сары-Алтын мектеби 275 окуучуга ылайыкталган. Анда 16 окуу кабинети, 10 даараткана, спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайын жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, пандустар жана лифт орнотулат.

2025-жылы Баткен облусунда У.Исаков атындагы мектептин жана №55 “Достук” мектебинин жаңы имараттарын курулушу башталат.

У.Исаков атындагы мектеп Кадамжай районунун Исфайрам айылында, №55 «Достук» мектеби Кадамжай районунун Көк-Тал айылында жайгашкан.

Долбоордун алкагында Баткен облусунда 5 мектеп катышууда: Сары-Алтын мектеби, У.Исаков атындагы мектеби, А.П.Гайдар атындагы мектеби (Кызыл-Кыя ш.), №22 «Достук» мектеби, № 31 Б.Алыкулов атындагы мектеби.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстанда Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат.

19-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X