Баткенде 10 миң орундуу стадион курулууда
Баткен шаарында 10 миң көрүүчү бата турган стадиондун курулушу уланууда. Долбоордо негизги аренадан тышкары машыгуу талаалары, кичи футбол аянтчалары жана спортчулар үчүн жатакана каралган. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, биримдиктин башкы катчысы Медербек Сыдыков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуштун жүрүшү менен таанышты.
Стадиондун аймагында негизги аренадан тышкары үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы жана 100 орундуу жатакана курулууда. Ошондой эле машыгуу талааларынын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр салынат.
Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 26-февралында башталган. Алгачкы пландарга ылайык, объектти ишке берүү мөөнөтү 2027-жылга жылдырылган.