Баткенде «Маданият достукка чакырат» эл аралык достук фестивалы өттү
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катраң айылындагы Козу-Баглан дарыясынын жээгинде «Маданият достукка чакырат» аттуу эл аралык достук фестивалы өттү.
Фестиваль Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытай мамлекеттеринин маданият өкүлдөрүнүн башын бириктирип, элдердин ортосундагы достукту, ынтымакты жана маданий кызматташтыкты чыңдоону максат кылды.
Иш-чара маданият ишмери Асанбай Мансуровдун жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын демилгеси менен уюштурулду.
Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун хокиминин орун басары Хуршеджон Ахмедов, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү катышты.
Расмий бөлүктө сөз сүйлөгөн коноктор мындай маданий иш-чаралар коңшу мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелерди, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилешти. Ошондой эле алар фестивалдын уюштуруучуларына жана маданият өкүлдөрүнө элдердин ынтымагын чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Фестивалдын концерттик программасында Кыргызстандын белгилүү ырчылары Аваз Акимов, Айдана Дека, Азиз Батыров, Өзбекстандын белгилүү аткаруучусу Хамдам Собиров жана Кытай Эл Республикасынан келген таланттуу өнөрпоз Самат Ранин баштаган чыгармачыл топтор өнөр көрсөтүп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.
Фестивалга жергиликтүү тургундар менен катар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген коноктор да күбө болуп, иш-чара достукту, маданий алакаларды жана чыгармачыл кызматташтыкты чыңдоочу маанилүү аянтча катары өзгөчөлөндү.