Баткенде сел жүрдү

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 27

Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, И.Жусубалиев көчөсүндөгү бала бакчанын жана 1 үйдүн короосуна суу толгон. Материалдык чыгым жана жабыр тарткандар болгон жок.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, 1 км жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгин талааны суу каптаган. Болжол менен 1 км арык шагылга толгон.

25-апрель күнү таңкы саат 5:00 чамасында Лейлек районунун Лайлы айылында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел аккан. Учурда аймакта тазалоо иштери жүрүп жатат.

26-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 27
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X