Баткенде социалдык объектилердин кышка даярдыгы текшерилди

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 38

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарындагы жана Кадамжай районундагы бир катар социалдык объектилердин кыш мезгилине даярдыгын текшерди.

Анын алкагында ооруканалардын, мектептердин жана бала бакчалардын жылуулук системаларынын абалы, көмүр менен камсыздалышы жана жылытуу мезгилине даярдыгы каралды.

Маалыматка ылайык, социалдык маанидеги объектилерге жылуулук берүү 2026-жылдын 19-октябрында, ал эми башка керектөөчүлөргө 2-ноябрда башталган. Учурда жылуулук менен камсыздоо белгиленген тартипте жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы көмүр менен жылытууга жаңыдан өткөрүлгөн объектилерди да көрүп чыгып, мекеме жетекчилерине көмүр запасын толуктоо, электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо жана коопсуздук талаптарын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, быйыл облустун саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелерге 3000 тонна көмүр керектелет. Учурда анын 92 пайызы жеткирилди.

Ал эми билим берүү тармагындагы социалдык объектилер үчүн зарыл болгон 16 миң тонна көмүрдүн 74 пайызы ташылып келинген.

19-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X