Баткенде үч өлкөнүн жаштарын бириктирген эл аралык форум өтүүдө
Баткен шаарында «Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык» аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды.
Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршеджон Ахмедов, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун өкүлү Одил Болтаев жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышты.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жаштардын коомдогу орду, мамлекеттер аралык достук мамилелерди чыңдоодогу ролу жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу пикирлерин билдиришти. Ошондой эле жаштарга ак тилектерин айтып, сунуштарын ортого салышты.
Иш-чаранын алкагында ийгиликке жетишкен жаштар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан тышкары, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жаштарынын ортосундагы байланышты бекемдөө, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылып, катышуучулар тарабынан колдоого алынды.
Форумдун катышуучуларына майрамдык маанай тартуулоо максатында концерттик программа да уюштурулду.
Эл аралык жаштар форумунун негизги максаты — коңшу мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, ошондой эле өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү.
Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси жана БУУӨПтүн колдоосу менен уюштурулууда.