Баткендеги Зардалы айылына баруучу 6,4 чакырым жол асфальтталды
Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкесине асфальт төшөө иштери толук аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган тилкени асфальттоо быйылкы жылга пландалган. Жумуштарды № 2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толугу менен бүтүрдү.
Жолдун оңдолушу алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттамды жеңилдетип, жол жүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган.
Буга байланыштуу айыл тургундары президент Садыр Жапаровго жана жол куруучуларга ыраазычылык билдиришкен.
Министрликтин маалыматына караганда, жол иштеринин сапаты жана аткарылышы көзөмөлдө турат.