Баткендин Зардалы айылына электр жарыгы берилди

11-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44

Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына кечээ, 10-декабрда электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Тактап айтсак, айылдагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилген. Эскерте кетсек,  президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген.

Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди.

Өлкө башчысынын айылга сапарынан соң, бир ай аралыгында уюлдук байланыш да жеткирилип, тургундар өлкө башчысы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

11-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X