Баткенге өзгөчө макам берилгенине байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда

Бүгүн, 16-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусунуна өзгөчө макам берилгенине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын белгилеп: “Тагыраагы, Баткен облусуна өзгөчөлөнгөн салык жана инвестициялык режимдерин, жеңилдетилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жана мамлекеттик сатып алуулар механизмдерин киргизүү, ошондой эле жергиликтүү башкаруу администрациясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда” – деди.

Талкуу маалында депутат Тариель Жоробеков салыктын кайсы түрлөрү боюнча жеңилдиктер берилээрине кызыкты.

Өз кезегенинде Нурлан Шерипов Өкмөттүн атайын токтому менен акциздик жана кошумча нарк салыгынан башка салыктарды жоюу сунушталып жатканын билдирди. Ал эми салыктык бошотуулардан улам жаралган жергиликтүү бюджеттеги таңкыстыкты республикалык бюджет тарабынан толукталаары маалымдалды.

Ошондой эле депутат Карамат Орозова Баткен облусуна аскердик шаарча куруу, жумуш орундарын түзгөн ишкерлерге көп жеңилдиктерди көрсөтүү жана Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө вице-премьердикиндей макам берүү өңдүү сунуштарын айтты.  

Андан тышкары депутат Шайлообек Атазов жергиликтүү элге кандай социалдык төлөмдөр каралганын сурады.

Министрлер кабинетинин өкүлү буга чейинки иштеп жаткан мыйзамдардын алкагында төлөмдөр төлөнөөрүн билдирди.  

Талкуу соңунда мыйзам долбоору депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X