Базар-Коргон шаарынын мэри алмашты
Базар-Коргон шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу болуп Өмүрзак Мурзаев дайындалганы белгилүү болду. Ал буга чейин Базар-Коргон шаарынын вице-мэри болуп иштеген. Базар-Коргон шаарынын мурунку мэри Темирлан Осмонов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кеткен.