Базар-Коргондо үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу иштери жүрүүдө

8-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 48

Базар-Коргондо үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, суицид, эрте никеге туруу жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Базар-Коргон райондук администрациясы, РИИБ, билим берүү бөлүмү, мектеп директорлору, соц. педагогдор жана ата-энелер комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлгөн.

Анда район аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында биргелешип иштөө зарылдыгы белгиленген. Андан соң кызматкерлер милициянын көчмө кабылдама унаасында эл менен жолугушууга чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Мындан сырткары,  Президенттин ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча чыгарылган Жарлыгын алкагында кенен талкуулар болду. Жергиликтүү тургундарга кылмыштуулукка бөгөт коюуда кайдыгер карабай, терс көрүнүштөргө күбө болгон учурда милицияга билдирүү зарылдыгы айтылды.

«Ушул жылдын  3 ай аралыгында Базар-Коргон районунда 17 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталып, 17 коргоо ордери берилген. Берилген коргоо ордерлери боюнча РИИБдин участкалык инспекторлору тарабынан көзөмөл карточкаларын ачылып 3 күндүк мөөнөткө каттого алынып, тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлгөн. Профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө  коргоо  ордерлерин  узартуу учурлары катталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

 

8-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X