Базарды көчүрүү иштери бир айга жылдырылды
Ошто борбордук базарды көчүрүү иштери бир айга жылдырылды. Эске салсак, эски базар бүгүн жабылмак. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга соодагерлердин кайрылуулары себеп болгон. Ага ылайык, жаңы муниципалдык базар 20-февралдан тарта иштеп баштайт. Бир ай аралыгында соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгуусу керек.