“БЕЙИШ — ЭНЕНИН ТАМАНЫНДА”

Март айынын башталышы менен борбор калаабыздын кинотеатрларында коюла баштаган “ Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз киносу окуяга бай, курч сюжеттүүлүгү, эмоциялык боёкторунун күчтүүлүгү менен көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Дээрлик эки жарым саатка созулган бул тасмадан көрүүчүлөр көздөрүнө жаш алып, кино жаратуучуларга ыраазычылык билдирип чыгып жатышты. Тасмада баяндалган окуяга кыскача токтоло кетсек, алгач чакан айылда жашаган эне менен баланын турмушу баяндалат. Жетимиш беш жаштагы Райхан апа жана анын отуз беш жаштагы Адил аттуу уулунун айланасында окуя өнүгүп жүрүп олтурат.

Фильмдеги окуяга өзгөчөлүк берип, кызыктуулугун арттырган, көрүүчүлөрдүн аеосун, сүйүүсүн ойготкон өзгөчөлүктөрдүн бири — баш каарман Адилдин отуз беш жашта экенине карабай психикалык өнүгүүсүнүн артта калуусунун айынан ой жүгүртүүсү, эс-акылы 8 жаштагы баланыкындай боюнча кала бергендиги. Райхан апа мына ушул оорудан жабыркаган уулу Адилге Алла Таала аны өзгөчө жакшы көрөрүн, ошондуктан түз эле бейишке кирерин айтып көңүл жооткотот. Бирок Адил апасы жок бейишке баргысы келбейт. Күндөрдүн биринде ал башка бир 8 жашар баладан апасын ажылык үчүн ыйык Меккеге жөө алып барса, апасы да бейишке кире аларын угат да ишенет. Эне айрым адамдардын уулуна болгон шакабалуу мамилесине арданып, намыстанып, акырында уулу экөө чын эле ыйык Меккени карай жөө сапарга аттанышат. Тасмадагы негизги окуялардын баары мына ушул сапарда көрсөтүлгөн. Тактап айтканда сапар эпизоддору аркылуу режиссер эненин уулуна болгон сүйүүсүн, ар улуттун өкүлдөрүнүн боорукердиги жана ачык жүрөгү гана адамзатка бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берери тууралуу баяндаган. Тасма көрүүчүлөргө Адил менен апасы саякаттаган аймактардын укмуштуудай пейзаждарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө сүңгүүгө мүмкүнчүлүк берет. Башкы ролдорду актер Эмил Эсеналиев, актриса Анаркүл Назаркулова, актер Болот Тентимишовдор жаратышкан.

Фильм кинотеатрларда коюла баштаган күндөн тартып көрүүчүлөрдүн катары көбөйүп, ошол эле учурда тасманын мазмуну социалдык тармактарда талкууга түшүп, ар түрдүү сын пикирлердин айтылуусу менен сенсация жаратты десек жарашчудай. Ал эми кинонун өзөк идеясы актер Болот Тентимишовго таандык. Идеянын жаралышы тууралуу сураганыбызда буга актер мындайча жооп берди; “ Идея – энеге болгон ыраазычылыгымдан, балдардын энесине болгон ыраазычылыктан улам келип чыккан. Байкасам, бизде аял киши бейит башына эркектер менен чогуу барышпайт экен. Мунун себебин сурап ар түрдүү жоопторду уккам. Арасынан мен уккан эсте каларлык жооптордун бири – Улуу Жараткан адамга жан киргизип, жүрөгүнө мөөр басып бул жалган дүйнөгө жараткан соң, адамды жарыкчылыкка алып келүү, эне болуу вазийпасын аялзатына буюрган экен. Бул кинонун идеясы мына ошол касиетке эгедер болгон жалпы энелерге арналган” деди.

Ал эми кино тууралуу алгачкылардан болуп пикирин билдирген коомдук ишмер, меценант Аскар Салымбеков: “Өтө таасирдүү фильм болгон экен, көрүп олтуруп баарыбыз апабыз менен чогуу ажыга барып келгендей болдук. Бул кинону көргөн соң Руслан Акунду өзүнүн кино режиссердук “ажылыгына” жакындап баратат деген ойдомун. Русландын келечеги кең, буюрса мындан да жакшы фильмдерди жаратат келечекте” деген оюн билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, коомдогу таасирдүү адамдардан баштап катардагы карапайым көрүүчүлөргө чейин кайдыгер калтырбай өзүнө зор кызыгууну, талаш-тартыштуу пикирлерди жараткан “Бейиш – эненин таманында” кыргыз тасмасы март айынын жыйырма биринен баштап, башкача айтканда Нооруз майрамынын баштап Казакстанга прокатка чыгып, төрт күндүн ичинде, 21-марттан 24-мартка чейин $1 млн доллардан ашык акча жыйнаганга жетишкени да кыргыз эли үчүн сыймык. Кыргыз тасмасы чет элдик фильмдерди артка калтырып, кассалык сатуулар боюнча коңшу өлкөдө биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерди сатуу кызматы билдиришкен. Демек, Руслан Акундун тасмасы кассалык сатуулар боюнча бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде “Кунг-фу Панда 4”, “Дюна 2” жана Ghostbusters (Охотники за привидениями) франшизасынан алдыга озуп чыккандыгы анык болду.

Белгилүү казак кинорежиссеру Куаныш Бейсеков тасманы көргөндөн кийин жергиликтүү басылмаларга төмөнкүдөй пикирин билдирип, бардык казак коомчулугун бул тасманы көрүүгө чакырган. “Бүгүн биз “Бейиш эненин таманында” аттуу кинонун бет ачарында болдук. Мен буга чейин да аны көргөн элем. Бирок чоң экран алдынан дагы бир ирет көрүп, күлчү жеринен эл менен кошо күлүп, ыйлачу жеринен ыйлап чыктым. Ошол себептен баарыңыздарга сөзсүз көрүңүздөр деп кеңеш берем. Себеби, кино бизге диний жактан гана сабак бербестен, жалпы адамзат баалуулугун, биздин кишилигибизди айгинелеген жакшылык, мээримдүүлүктү даңазалаган фильм болгон”.

Ал эми фильмди койгон режиссер Руслан Акун аталган тасмасы тууралуу: « Бейиш эненин таманында» тасмасы жети өлкөдөн тартылды. Биз майыптарды соо адамдар сыяктуу эле экенин көрсөткүбүз келди. Майып болсо да, укмуш билимдүү, ийгиликтүү адамдарды көрдүм. Алар тагдырга моюн сунуп отуруп калбастан, тынымсыз аракетте болушат экен. Кыргызстан — биз үчүн мурас. Мекенден артык эч нерсе жок. Байкасаңыздар, азыр Кыргызстандын жарандыгынан кыргыздар чыгып, башка улуттар кирип жатат. Эми көчмөндүктү токтотуп, бир жерге отурукташып, өз жерибизде эле оокат кылсак Кудай берекесин берет» деген өз пикирин айтты.

 

Махабат САИДРАХМАНОВА

№26 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 5-апрели

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X