Бейтаптар көбөйүп, жугуштуу оорулар ооруканасы толуп калды

8-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37

Бүгүнкү күндө Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы толуп калды, мекемеде 606 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева радиодо билдирген. Анын айтымында, оорукана 500 орунга ылайыкталган.

“Бишкекте биздин оорукана гана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы болуп саналат. Бүгүнкү күндө бизде 606 бейтап дарыланууда. Сутка ичинде 317 адам кайрылып, алардын ичинен 123ү ооруканага жаткырылды, анын ичинен 114ү — бала жана тогузу — чоң киши. Калган бейтаптар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү”, — деген Молдалиева. Учурда  ооруканада кошумча орундар ачылып жатканы белгилүү болду. Дарыгерлердин айтымында көпчүлүк бейтаптар курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ), андан кийин кызылча жана башка жугуштуу оорулар менен келүүдө.

8-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X