Бектурганов прокурорлорду кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Башкы прокуратурада салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, анда Башкы прокурор М. Бектурганов прокуратура органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Башкы прокурор прокуратуранын коомдо мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоодогу өзгөчө ордун белгилеп, прокурордук көзөмөлдү натыйжалуу жүргүзүү мамлекетке жана адилеттүүлүккө болгон элдин ишенимин бекемдөөнүн маанилүү шарттарынын бири экендигине токтолду.
Өз сөзүндө жарандардын ар бир кайрылуусун кылдат карап, өз убагында мыйзамдуу жана негиздүү чечим кабыл алуу, мыйзам ким тарабынан бузулбасын, ар бир мыйзам бузуу фактысына ыкчам жана принципиалдуу укуктук баа берип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү боюнча кызматкерлердин алдына так милдеттерди койду.

Ошондой эле өлкө башчысынын колдоосу менен прокуратура органдарын өнүктүрүүгө жана ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү иштер аткарылып жаткандыгын белгиледи.
Башкы прокурор кызматкерлерди мамлекет жана коом тарабынан көрсөтүлүп жаткан ишенимди актоого, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк, ак ниеттүүлүк жана жогорку кесипкөйлүк менен аткарууга чакырып, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана элдин кызыкчылыгына, мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарып, кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчө айырмаланган прокуратура органдарынын кызматкерлери сыйланышты.