«Бемби» аттуу эликтин чаарчыгына операция жасалды

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Үч күн мурун Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын жогору жагынан шыйрагы сынган «Бемби» аттуу эликтин чаарчыгы табылган. Ага ветеринардык дарыгерлер тарабынан операция жасалып, ал ийгиликтүү өткөн.

Окуя катталгандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери жаныбарга ыкчам жардам көрсөтүшкөн. Андан соң жаракат алган чаарчык дарылоо жана реабилитациялоо максатында жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, ветеринардык дарыгерлердин кароосуна өткөрүлгөн.

Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасоого, аларды коргоого жана жаракат алган же жардамга муктаж жаныбарларды көргөн учурда тиешелүү органдарга өз убагында кабарлоого чакырат.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X