Билим берүү жана илим министри Догдургүл КЕНДИРБАЕВА 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча министрлик тарабынан бир нече жылдан бери даярдыктар жүрүп келгендигин, бирок эки жолу тең Жогорку Кеңеште бул демилге колдоо таппай калгандыгын айтып, маселенин тегерегинде ой-бөлүштү. «Бул жолу Президенттин тапшырмасы менен мектепте билим алуунун 12 жылдык моделине өтүп жатабыз. Учурда социалдык баракчаларда жазылган кыргызстандыктардын ар андай суроолоруна, терс пикирлерине, кооптонууларына жана ар кандай божомолдоруна жооп берүүнү чечтим», -дейт министр.
Коомчулук арасында “12 жылдык билим берүүгө өтсөк, анда окуучулар 19 жашына чейин мектепте окушабы?” деген суроолор жаралып жатат.
Министр Догдургүл КЕНДИРБАЕВА окуучулар мектепти мурдагыдай эле 16-17 жашында бүтөрүн, болгону 0 класс деген жоюлуп, 1-класс деп аталарын айтты. Окуучунунун жашы жогорулабайт, тескерисинче төмөндөйт. Айрым ата-энелер
“Азырынча 12 жылдык билим берүүгө даярдык жок” деп кооптонуп жатышканын билдирген. Догдургүл КЕНДИРБАЕВА “даярдык ар бир мектепте бар экендигин,
учурда 0 класска 100 миңден ашык бала тартылган жана балдарга билим берген мугалимдерге мамлекеттик бюджеттен 800 миллион сом эмгек акысы төлөнүп берилерин айтты. Ошондой эле Бишкек мэриясынын бюджетинен дагы шаардык балдарды окуткан мугалимдерге 12 миллион 400 миң сом эмгек акысына төлөнүп берилет. Кыргызстандагы иштеп жаткан бала бакчалардын бардык түрүнө карабастан мектепке даярдоо программасы иштейт. Ошондо, дээрлик биринчи класска келген 157 миң окуучунун 80 пайызы даярдык менен мектеп босогосун аттайт. 12 жылдык билим берүү калган 20 пайыз бөбөктөрдүн билим алышына бирдей мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Министр андан ары бул багытта аткарылып жаткан иштерге токтолду:
— 2024-2025-окуу жылдары кыска мөөнөттүк балдарды өнүктүрүү кызматына 40 миң бала тартылат. Ал эми 870 мугалим ушул кыска мөөнөттүк бала бакчаларда иштеш үчүн атайын даярдыктан өтүштү жана дагы 4500 адистер кесиптик чеберчилигин жогорулатышат. Оңдоп-түзөө жана жабдуу иштери Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат. Ар бир ачылган борборлорго балдарды өнүктүрүүчү материалдар, оюнчуктар, оюн аянтчалары жасалып, санитардык шарттарын түзүү иштери учурда кызуу жүрүүдө жана бул ишти ар бир айыл өкмөтү билет. Балдарды өнүктүрүү борборлору жергиликтүү бийлик сунуштаган имараттарда оңдоп түзөөдөн өткөндөн кийин ачылат. Учурдагы бала бакчалардын уктоо бөлмөлөрүн өнүктүрүүчү бөлмөлөргө айландыруу менен 2024-2025-окуу жылына 60 миң бала тартылат. Ал эми кошумча педагогикалык штаттар бюджеттен каржыланат. Мектептерде билим берүүнүн 12 жылдык моделине өтүү чет элдик донорлордун каржылоосу менен эмес, бюджеттик каржат менен ишке ашат.
Кембридж стандарттарынын негизинде жазылган Сингапур өлкөсүнүн программалары жана стандарттары, окуу китептери биздин мамлекеттик талаптарга жараша ылайыкташтырылат. Аталган өлкө дүйнөдө билим берүү боюнча эң алдыңкы өлкө болуп саналат. Сингапурдан 46 наамдагы так илимдер боюнча предметтик жана англис тили боюнча китептерди бюджеттик каражаттын эсебинен сатып алуу пландалууда жана Президентибиз бул ишти илгерилетүүгө тапшырма берди. Мындан ары мындай кымбат китептерди жеке менчик гана мектептердин окуучулары пайдаланбастан, ар бир кичинекей кыргызстандыкка жеткиликтүү болот.
Окурмандар, ата-энелер мектептердин жетишпей жаткандыгына кооптонууда. Министр айым статистика боюнча 10 жылдын ичинде мектептеги балдардын саны дээрлик 500 миллионго көбөйгөнүн ага жараша көйгөйлөр да арбыганына токтолуп, салынып жаткан мектептер тууралуу айтып берди:
— Акыркы 3 жылда республика боюнча 216 мектеп салынды. Быйыл 147 мектеп республикалык жана жергиликтүү бюджеттен ошондой эле өнөктөштөрдүн колдоосу менен салынды. 2023-жылы эле Бишкек шаарында 15 мектеп пайдаланууга берилди. Эми шаарда аз сандагы балдар окуган мектеп менен ири мектептер оптималдаштырылат. Учурдагы ички миграцияны эске алуу менен 46 мектеп, анын ичинен Бишкектин тегерегиндеги калктуу конуштарга салынууга титулдук тизме кабыл алынды. Тактап айтканда окуучулардын саны өзгөрбөйт.
Ал эми мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү, үзгүлтүксүз жана өзүнө ыңгайлуу убакта өз билимин өркүндөтүү үчүн санариптик билим кампасы толукталган ноутбуктар менен камсыздоо башталат. Бул да бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
“Мектепте 12 жыл окуган балдар качан кесипке ээ болот?” деген суроолор да пайда болууда. Министр Догдургүл КЕНДИРБАЕВА мындайча жооп берди:
“12 жылдык билим берүүдө мектептерде табигый, математикалык, гуманитардык, технологиялык кесипке багытталган класстар түзүлөт. Ошондой эле мектептен кошумча жумушчу кесиптин ээси болуп, сертификат алганга мүмүнчүлүк жаралат. Эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуп чыгышат. Ички жана эл аралык жогорку окуу жайларда айрым предметтердин кайталанбашына шарт түзүлөт.
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№22 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 19-марты