"Эркин-Тоо"

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” боюнча комментарий берди

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” билим берүү мекемесинин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү тууралуу комментарий берди. Министрликтин маалыматына таянсак  “Сапаттын” тарбиячылары, мугалимдери мурдагыдай эле иштей берет. Окуучулар жана студенттер билим берүү уюмдары менен буга чейин түзүлгөн келишимдердин негизинде билим алуусун улантат.

“Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагында билим берүүнүн сапатын азыркы деңгээлинен түшүрбөө, колдон келсе, азыркыдан да жогору деңгээлге чыгаруу керектигин баса белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы