Билим берүү, айыл чарба, туризм: Ош облусу Корея менен кызматташууну талкуулады
Ош облусунда Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже менен жолугушуу өтүп, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жолугушуу 29-октябрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Винера Раимбачаева менен Кореянын элчисинин ортосунда өттү.
Тараптар билим берүү, саламаттык сактоо, санариптик технологиялар, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ошондой эле аймакка инвестиция тартуу жана аймактар аралык байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашты.
Винера Раимбачаева Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, Корея Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн достук мамилелерин жана аймактар аралык кызматташтыгын мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.