Бир айда «Бала ырысын» алгандар 13 миңге көбөйдү

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75

Кыргызстанда үч жашка чейинки 266 миңден ашык бала «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөкпулун алууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 2026-жылдын ноябрь айына карата жөлөкпул алуучулардын саны 266 миң 166 балага жеткен. Аларга төлөө үчүн 328 млн 20 миң сомдон ашык каражат талап кылынат.

Октябрь айына салыштырмалуу жөлөкпул алуучулардын саны 13 миң 467 балага же 5,3 пайызга көбөйгөн. Ал эми төлөмдөргө керектелген каражаттын көлөмү 16,5 млн сомго өскөн.

Министрлик жөлөкпул алууга берилген арыздардын 84 пайызы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырылганын белгиледи.

«Бала ырысы» жөлөкпулу төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейинки балдарга берилет. Аны тариздөө «Түндүк» тиркемеси же министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.

Акча алуучулардын банктык эсептерине которулуп, төлөмдөр ай сайын 1инен 10уна чейин жүргүзүлөт.

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 75
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X