КРнын мурдагы энергетика министри Таалайбек Ибраев: Президент энергетика тармагын өзгөчө колдоп жатат

Узап бараткан аптада өлкөбүздүн энергетика тармагында оош-кыйыш жагдайлар, жетишилген ийгиликтер менен келечекке карай алгылыктуу аракеттер парламентте кызуу талкуулар менен коштолуп, энергетика министри Алтынбек Рысбековдун бүйүр кызыткан айрым кептери коомчулукка желдей тарады. Анын тармактагы айрым жагдайлар боюнча айткандары канчалык деңгээлде негиздүү экенин билүү максатында энергетика системасын ичтен билген мурдагы жетекчини азын-оолак кепке тарттык.

— Таалайбек мырза, жакында парламенттен кесиптешиңиз, энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстанга атомдук электр станция куруу — мезгил талабы экенин жар салды. Министрдин айтканында жан барбы? Же ал “креслого отурган эйфориясы” менен куру кыялга берилип, алдыны көздөй ашыкча мактанып алдыбы?

— Эмне үчүн куру кыял? Анын айтканында толук жан бар. Азыр өлкөбүз экономикалык жактан кубаттуу мамлекетке айлана баштадык. Элибиздин саны гана эмес, экономикабыз да
өсүп, Кыргызстан күн сайын өргө чыга баштадык. Элдин саны менен экономика өскөн жерде сөзсүз түрдө электр энергиясы да ошончолук талап кылынат. Мындай шартта атомдук электр
станция эртели-кеч курулуш керек болчу. Ошондуктан, министрдин айтканын толук колдоп, өлкөдөгү түзүлгөн энергетикалык абалдан улам атомдук электр станциясын куруу маселесин
кубатташыбыз керек. Бул маселени кезегинде Өлкө жетекчилиги менен талкуулаганбыз. Биз бул маселеде “Росатом” менен бирге АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы январда
баштаганбыз жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу тууралуу меморандумуна кол койгонбуз. Азыр карагылачы, сырттагы дүйнө бир орунда турган жок. Жасалма интеллект
ж.б. сыяктуу көрүнүштөр күн сайын өнүгүүдө. Ошондуктан, биз сырттагы дүйнөдөн куру калбай, атомдук электр станцияны керек болсо бүгүн башташыбыз кажет.

— Атомдук электр станцияны биз эмес, кубаттуу делген коңшуларыбыз деле кура элек болушса керек… Биз бул жагынан эртерээк көкүрөк кагып алган жокпузбу?

— Биз эмне “кылт эткенден” өйдө коңшуларыбызга карап түздөнүшүбүз керекпи? Кыргызстан азыр көпчүлүгү менен тең-ата сүйлөшкөн деңгээлге келдик. Коңшулар дейсиңер, ошол эле
Казакстан менен Өзбекстанда атомдук электр станцияларын куруу боюнча иштер эчак эле башталган. Азыр керек болсо бул жааттагы иштер тыңгылыктуу жүрүп жатса керек. Ошондуктан, биз дагы бул маселеде эч ойлонбой, алдыга карай кадам салып, атомдук электр станцияны баштай беришибиз кажет.

— Атомдук электр станциясын ылайым куруп, ишке берип калалы деңизчи. Аны куруп, иштеткенге керектүү кесиптин ээлери, кадрдык дараметибиз жетиштүүбү дегеним…

— Адегенде бул маселени коомдук пикирге чыгарып, тиешелүү адистердин сунуш, пикирлерин, реалдуу жагдайлардагы ынанымдуу ойлорун талкуулашыбыз керек. Көпчүлүктүн колдоосу болгон соң тийиштүү иштер менен алпурушуу зарыл. Туура, бул жаатта кадрдык жактан таңкыстык бар. “Росатом” менен кол коюлган меморандумга ылайык “Росатом” биздин адистерди окутуу, Кыргыз политехникалык университетинин базасында тиешелүү адистерди даярдоо зарылдыгы, техникалык кафедраларды жана факультеттерди ачуу маселесин өз мойнуна алган.

— Энергетика тармагына тарыхта алгачкы ирет 300 млн доллар которулганы маалым болду. Мындай ири каражатты сиздин “эски жайытыңыз” болгон энергетика тармагындагы тиешелүү жетекчилер натыйжалуу пайдаланып жатабы? Мындай ири өлчөмдөгү каражат менен тармакты илгерилетүүгө болобу?

— Ооба, мамлекеттин энергетика тармагына колдоосу чындыгында күч алды. Мындай каражатты буга дейре эч бир президент даап, которо алган эмес. Садыр Жапаров энергетикага көз кырын жакшы салып, 300 млн доллар которгонун эрдик деп койсок да жарашат. Бөлүнгөн каражатка 500 киловольттук “Кемин” көмөк чордонунан Чалдовардагы “Фрунзе” көмөк чордонуна чейин кошумча дагы 500 киловольттук линия, ошондой эле Бишкекке дагы 500 киловольттук көмөк чордон курулмакчы. Азыркы учурда мындай көмөк чордон, электр станцияларын Чүй аймагына, өзгөчө Бишкек шаарынын айланасына 500 киловольттук көмөк чордон куруу зарыл. Анткени, дал ушул 2 аймакта завод-фабрикалар, көп кабаттуу имараттар, кичи-чоң ишканалар курулуп, элдин саны өсүүдө. Электр-энергиясына болгон талап күн сайын бул аймактарда өзгөчө чекке жетүүдө. Ошол эле “Кемин” көмөк  чордонун Чалдовардагы “Фрунзе” көмөк чордону менен атайын
шакекче кылып койсо да жарашмак. Бул боюнча кезеги келгенде дагы кененирээк чечмелеп, түшүндүрүп берем. Бирок, муну менен тармактагы бардык иштер “жипке тизилгендей” мизилдеп, чечиле калат деп айткандан алысмын. Дагы деле Өлкө жетекчилиги көңүл буруп, көз кырын сала турган мамлекеттик деңгээлде колдоого алынчу иштер көп.

Калыгул Бейшекеев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X