Бир даракка беш көчөт: Мыйзам долбоору колдоо тапты
Жашыл бак-дарактарды коргоо, аларды эсепке алуу жана шаарлардагы сейил бактардын аянтын сактоо боюнча талаптарды күчөтүү сунушталууда. Бул багыттагы мыйзам долбоору бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев демилгелеген.
Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, документ калктуу конуштардагы жашыл бак-дарактарга экологиялык коопсуздукту жана санитардык-гигиеналык талаптарды камсыз кылган маанилүү инфратүзүм катары өзгөчө укуктук статус берүүгө багытталган.
Долбоордо курулуш иштеринде көп жылдык бак-дарактарды сактоого көзөмөлдү күчөтүү, парктардын жана гүлзарлардын аянтынын кыскарышына жол бербөө каралган. Ошондой эле ар бир даракты мамлекеттик эсепке алуу, санариптик паспорт берүү жана ачык электрондук реестр түзүү сунушталууда.
Мындан тышкары, кыйылган бак-дарактардын ордуна «бешке бир» принциби менен компенсациялык көчөт отургузуу талабы киргизилүүдө. Башкача айтканда, бир дарактын ордуна беш көчөт отургузуу каралган. Ошондой эле жашыл аймактарды сугаруучу ирригациялык тармактарды коргоо жана калыбына келтирүү маселелери камтылган.
Талкуу учурунда депутат Улан Сариев бир адамга 14 чарчы метр жашылдандыруу аянтын белгилөө сунушталып жатканын айтып, бул ченемди жогорулатууну сунуштады. Ал эми Мирлан Жеенчороев кичи райондордун деңгээлиндеги бакчаларды да мыйзам долбооруна киргизүү зарылдыгын белгиледи.
Комитет төрайымы Гульнара Акимбаева дарактарды инвентаризациялоо, электрондук реестр түзүү жана компенсациялык жашылдандыруу механизмдери боюнча тактоочу суроолорду берди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, андан ары кароо үчүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетине жөнөтүлдү.
Ошондой эле жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору да биринчи окууда колдоо тапты.