"Эркин-Тоо"

Бир катар конуштар газдаштырылат

2021-жылы «Газпром Кыргызстан» компаниясы  Бишкек шаарындагы   Алтын-Ордо, Рухий-Мурас жаңы конуштарына жаратылыш газын берүү иштерин жүргүзөт. Ошондой эле  Бишкек шаарынын  ичинде жалпы узундугу 62 чакырымды түзгөн газ бөлүштүрүүчү тармактарды куруу жана Көк-Жар жаңы конушуна жаратылыш газын берүү ишке ашат. Жыл ичинде  Кант ГБС газ бөлүштүрүүчү станциясынын масштабдуу курулуш иштерин жүргүзүү пландары каралган.