«Бир отурганда бир кой жеп жатасыңарбы?» — Мэр 5 миң сом алган кызматкерди жумуштан алуу маселесин көтөрдү
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ишкерден 5 миң сом которулган муниципалдык кызматкерге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Ал акча алган кызматкерди жумуштан алуу маселесин карап, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүнү талап кылды.
Бул тууралуу мэрия шаар башчысынын жетекчилиги алдында өткөн жыйындын жыйынтыгы боюнча билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына караганда, ишкерлердин бири шаардык администрациянын кызматкерине түшкү тамак үчүн 5 миң сом которгон. Бул жагдайга нааразы болгон мэр кызматкерлердин аракетине кескин реакция жасады.
«Силер ачка жүрөсүңөрбү? Түшкү тамакка мынча акча беришет. Бир отурганда бир кой жеп жатасыңарбы?» — деди Джунушалиев.
Мэр район акимдерине кызматтык иликтөө жүргүзүп, окуяга тиешеси бар адамдардын баарын аныктоону тапшырды. Ошондой эле акча алган кызматкерди жумуштан алуу маселесин карап, чогултулган материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүүнү талап кылды.
«Бизди көп сындашат, беш вице-мэр кармалганын айтышат. Эгер мыйзам бузуу болсо, жүзүн карматабыз, кармоого да жол беребиз. Эч кимиңер менен аласа-бересем жок», — деди мэр.
Жыйында мэриянын кызматкерлерине жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө байланыштуу 44 материал боюнча иликтөө жүрүп жатканы да айтылды. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша тиешелүү чаралар көрүлөт.
Мындан тышкары, жыйында жолдорду жана тротуарларды оңдоо, коомдук транспорттун акыркы аялдамаларынын абалы, балдар аянтчалары жана муниципалдык кызматтардын ишинин сапаты талкууланды.