Бир жумада 18 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталды

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32

Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы аптада  республика боюнча 18 702 жол эрежесин бузуу аныкталган. Алардын ичинен:
— транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3399;
— транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 160;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6927;
— транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
— Автоээнбаштык – 5;
— жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 949;
— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 121;
-жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6404;
-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 46;
-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 92;
-унаа токтотуучу жайга коюлду – 688.

Жол эрежесин бузуу фактыларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына эрежелерди так сактоого жана кайгылуу кесепеттердин алдын алууга чакырды.

11-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X