Бир жумага жетпей кызматтан кетти: Бишкектин транспорт тармагында кадрдык өзгөрүү

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47

Бишкектин муниципалдык транспорт башкармалыгынын жаңы жетекчиси Артур Омурзаков кызматтан бошотулду. Ал бул кызматта бир жумага жетпеген убакыт иштеген.

Буга чейин аталган башкармалыктын жетекчиси Талантбек Капаров кызматынан кетип, «Бишкек асфальт сервис» ишканасына которулган.

Мэриядагы кадрдык өзгөрүүлөр шаарда автобустардын катышуусунда бир катар жол кырсыктары катталып жаткан учурга туш келди.

Акыркы күндөрү Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда бир нече жол кырсыгы катталды:

— 15-октябрда №38 автобус алты унаа менен кагылышып, төрт адам жабыркаган.

— 23-октябрда №166 автобустун катышуусунда массалык жол кырсыгы болуп, төрт адам, анын ичинде эки бала жаракат алган.

— 27-октябрда №195 автобус жеңил унаа менен кырсыкка учурагандан кийин Абдрахманов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тротуарга чыгып кеткен. Жөө жүргүнчүлөр автобустун алдынан араң качып кутулушкан.

— 28-октябрда Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде электробус катышкан жол кырсыгы катталып, үч адам жабыркаган.

Муниципалдык транспорт тармагындагы жетекчилердин алмашуусу шаардагы коомдук транспорттун коопсуздугуна байланыштуу маселелер курчуп турган учурда болууда.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 47
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X