Бир жылда бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 операция жасалган

11-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

2024-жыл ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бюджеттик негизде 20 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ал эми 2025-жылы 50 операция жасоо пландалууда.

Медициналык жана радиология илимий борборунун базасында бөйрөк трансплантациясы кыргызстандык хирургдар тарабынан 2018-жылдан бери ийгиликтүү жүргүзүлүп келет. Жалпысынан 62 операция жасалган, анын ичинде 20 операция 2024-жылы жасалган.

2024-жылдын башынан бери мамлекет башчынын тапшырмасы менен гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөгүн акысыз алмаштыруу иштери жүргүзүлө баштаган.

11-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X