"Эркин-Тоо"

«БИРБУЛАК» ТУРИЗМ БОРБОРУНА АЙЛАНАТ

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин II жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду» ААКнын үстүбүздөгү жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгү тууралуу отчету, өлкөнүн чет элдик туристтер үчүн жагымдуулугун арттыруу маселеси, ошондой эле Ысык-Көл жана Талас облустарында туристтик долбоорлорду өнүктүрүү багыттары каралды. Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш ошондой эле Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда «Бирбулак» жаңы тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырды. Жыл бою иштей турган эл аралык деңгээлдеги «Бирбулак» тоо-туристтик эс алуу жайынын долбоору иштелип чыккан. Чүй облусунун Оруу-Сай капчыгайында тоо туризминин кластери курулат, анда мейманканаларды жана шалелерди куруу, эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктура каралган. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.