Биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев Президенттин сыйлыгына татыды
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бүгүн, 23- декабрда “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наамы менен
сыйланды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду. Ошондой эле ал бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик
сыйлыктар менен сыйланган жарлыктарга кол койгон.