Бишкек-Балыкчы поезд каттамы жанданат
18-июндан тарта Бишкек — Балыкчы каттамы боюнча поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Поезд «Бишкек-1» станциясынан саат 7.00дө чыгып, «Рыбачье» станциясына 11.59 да жетет. Артка ошол эле поезд 17.15те жөнөйт. Бул каттам менен жолго чыккан жүргүнчүлөр Бишкек шаарына саат 22.03тө жетет. Беш жашка чейинки балдар үчүн поездде жол жүрүү акысыз. Билеттин баасы 5тен 10 жашка чейинки курактагы балдарга — 34 сом, андан жогору курактагыларга — 69 сомду түзөт.