Бишкек-Балыкчы поезди каттамын жандандырды
Бишкек-Балыкчы багыты боюнча каттам жайкы туристтик сезонго карата жандандырылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Каттам 18-июндан баштап, жайкы сезон аяктаганга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү жүрөт.