Бишкек: Борбордук көчөлөрдүн кесилишиндеги имарат алынат

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жакынкы арада бузулат. Бул тууралуу Ташболот Холдинг компаниясынын жетекчиси Назгүл Түлеева билдирди.

Анын айтымында, аталган объект Old Bishkek долбооруна тиешеси жок. Компания шаар бийлиги жана менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында имаратты бузуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алынган. Имарат буздурулуп, орду көрктөндүрүлөт.

16-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X