Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланова: Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин өстү

Бишкекте электр энергиясын суткалык керектөө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млн 654 миң кВт саатка өстү. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн башчысы Айгүл Буланова билдирди. Анын айтымында, октябрь айынын аягында борбор калаада электр энергиясын суткалык керектөө 14 млн 310 миң кВт саатты түздү.

«Күн сууктагандыктан суткалык керектөө 34 пайызга өстү. Мындай көрсөткүчтөр кыш мезгилинде да болгон эмес», — деди ал. Компаниянын маалыматына ылайык, керектөөнүн өсүшү аба ырайынын
суукташы жана электр жылытуучу шаймандарды колдонуунун көбөйүшү менен байланыштуу. Мунун натыйжасында электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга күч келүүдө. Белгилей кетсек, 27-октябрда Кыргызстандагы энергетикалык тутумда электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетип, күз мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүч катталган.

— Айгүл Шаршеевна, азыр Бишкек шаарында электр энергиясын керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетип жатат. Мындай абалдын түзүлүшүнө эмне себеп
болду?

— Электр энергиясын керектөөнүн рекорддук көрсөткүчкө жетиши, биринчиден, күндүн суукташы жана калктын санынын өсүшү менен байланыштуу. Эсептөөлөргө ылайык, жыл сайын миңдеген
жаңы абоненттер кошулуп жатат. Мындан тышкары, республика боюнча жүздөгөн ишканалар ачылып, алар да электр энергиясын керектешет. Айрыкча Бишкек шаарында электр энергиясын колдонуу күчөп жатат. Суткалык керектөөнүн 40 пайызга чейин өскөнү буга далил. Шаар болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта өсүп жатат. Мындай абал кооптонтпой койбойт. Ошондуктан, жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып жатабыз. Негизи, жыл сайын биринчи кар жааганга чейин электр энергиясын керектөө көбөйөт. Кар жаагандан кийин гана эл көмүр менен жылытууга өтө баштайт.

— Энергетиктер керектөөнүн өсүшүнө алдын ала даярдык көрүп жүрүшсө керек? Бул тенденция күтүүсүздөн пайда болгон жок да?

— Албетте, энергетика тармагы мындай абалга даярдык көрүп, көмөк чордондорду куруп жатат. Электр чубалгыларын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Жайында электр жарыгы эмне үчүн өчүрүлүп жатканын сурап, нааразы болгондор да болот. Бирок, ошол өчүрүүлөр тармактарды кышкы мезгилге даярдоо үчүн жүргүзүлөт. Электр энергиясын өчүрбөй туруп, оңдоо иштерин аткаруу мүмкүн эмес. Учурда оңдоо иштери аяктады. Азыр электр жарыгын өчүрүү жок, 3 кВттык чектөө да киргизилген жок. Бир фазалуу абоненттер үчүн уруксат берилген
кубаттуулук мурдагыдай эле 5 кВт бойдон калууда. Энергетиктер үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана ошол мезгилден өтүү деген эки этап бар. Азыр оңдоо иштерин бүтүрдүк. Жылытуу мезгилине ийгиликтүү өттүк. Биз элге дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Электр энергиясын бөлүштүрүүдө белгиленген нормалар бар. Аларды өзгөртүүгө болбойт. Керектөөчүлөр ошол нормаларды сактап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланышса, маселе жаралбайт. Мисалы, үй кожойкелери тамактарын электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жете элек убакта даярдап алышса болот. Бул электр тармактарына ашыкча күч келтирбөөгө жардам берет. Эгер баарыбыз бир убакта электр энергиясын колдонсок, авариялык өчүрүүлөр да болушу мүмкүн. Бул — сактоого оңой болгон жөнөкөй эрежелердин бири.

— Кышында электр энергиясына чектөөлөр киргизилиши мүмкүнбү?

— Азырынча чектөөлөрдү киргизүү боюнча чечимдер жок. Андыктан алдын ала эч нерсе айта албайбыз. Болгону электр энергиясын үнөмдөө керек. Абоненттер электр энергиясын үнөмдөөнү үйрөнүп калышты. Мурдагыга салыштырмалуу жылыш бар. Биз электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу мамлекетке эле эмес, өз чөнтөгүбүзгө да пайда алып келерин түшүнүшүбүз керек. Телефондун кубаттагычын розеткада сайылган бойдон калтырса, ал электр энергиясын керектей берет. Ошондуктан, колдонулбай турган электр шаймандарын розеткадан сууруп коюу туура. Айрыкча энергия рекорддук көрсөткүчтө колдонулган эртең мененки жана кечки убакта эрежелерди сактаңыздар.

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X