Бишкек: Хоккейчилер үчүн заманбап муз аянты курулат

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы үчүн шаарда заманбап муз аянтчасын куруу пландалып жатканын билдирди.

Шаар мэринин айтымында, быйыл аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн бардык аракеттер көрүлүп, муз аянтчасына ылайыктуу жер тилкеси каралат.

Эске салсак, 24-январда Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду.

27-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X