Бишкек менен Алматы шаар куруу жана транспорт тармагында тажрыйба алмашат

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78

Бишкек жана Алматы шаарлары 2026–2030-жылдарга карата кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын кабыл алышты.

Документке 30-октябрда Кыргызстандын жана Казакстандын аймактар аралык кызматташтыгынын II форумунун алкагында кол коюлду.

План эки шаардын ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүүнү камтыйт.

Ошондой эле муниципалдык башкаруу, архитектура, шаар куруу, транспорт, санариптештирүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында тажрыйба алмашуу каралган.

Мындан тышкары, маданият, билим берүү, жаштар жана спорт багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү пландалууда.

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 78
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X