Бишкек мэрине кабыл алууга кантип жазылса болот?

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 72

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге жеке кабыл алууга жазылуу шаардык муниципалитеттин коомдук кабылдамасы аркылуу жүргүзүлөт.

Кабыл алууга жазылуу үчүн жарандар Чүй проспектиси, 360 дарегине, 117-кабинетке кайрылып, маселесинин мазмунун кыскача баяндаган жазуу жүзүндөгү арыз калтырышы керек.

Арыз берген жаран алдын ала тизмеге киргизилип, кабыл алууга 2–3 күн калганда жолугушуунун датасы жана убактысы тууралуу кабарланат.

Мэрдин кабыл алуусуна жазылуу боюнча консультацияны төмөнкү телефондор аркылуу алууга болот:

— 0312-97-91-95 (4238, 4237, 0508 кошумча номерлери).

Мэрдин орун басарларына кабыл алууга жазылуу үчүн тиешелүү кабылдамаларга төмөнкү телефондор аркылуу байланышуу керек:

Иманалиев К. Б. — экономика жана каржы маселелери боюнча биринчи орун басар: 0312-97-91-95, кошумча 1902;

Мусаева Р. И. — социалдык маселелер боюнча орун басар: 0312-97-91-95, кошумча 1903;

Алиев Р. Г. — коммуналдык чарба, транспорт жана жол маселелери боюнча орун басар: 0312-97-91-95, кошумча 1901;

Муратбек А. — жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басар: 0312-97-91-95, кошумча 1903;

Керимов Н. А. — отун-энергетика комплекси боюнча орун басар: 0312-97-91-95, кошумча 1904.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык мэриясында 610705 ишеним телефону иштейт.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 72
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X