«Бишкек Ордо» ДКО-2026да бир катар байгелерди жеңди

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79

5-сентябрда Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасынын аймагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын жабылыш аземи өттү.

Иш-чарада концерттик программа тартууланып, республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Сынактардын жыйынтыгында «Бишкек Ордо» бир катар байгелүү орундарга жана калыстар тобунун атайын сыйлыктарына ээ болду.

Команда төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:

  • «Бий ыргак» — Гран-при;
  • «Көчмөн кайрык» — II орун;
  • «Жыгаччылык» — II орун;
  • «Саркеч» — III орун;
  • «Көнчүлүк» — III орун;
  • «Мыкты кыргыз боз үй» — III орун;
  • «Темирчилик жана зергерчилик» — калыстар тобунун атайын сыйлыгы;
  • «Шамдагайлар» — калыстар тобунун атайын сыйлыгы;
  • «Каада-салттар» — калыстар тобунун атайын сыйлыгы.

«Бишкек Ордо» сынактарда улуттук каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү, музыка жана хореографиялык өнөрдү көрсөттү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул жетишкендиктер кыргыздын маданий мурасын жана элдик кол өнөрчүлүктү сактоо, өнүктүрүү жана жайылтууга багытталган эмгектин жыйынтыгы болду.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X