Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 42 жаштагы аял каза болду

10-май, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 28

Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-май күнү саат 13:15 чамасында «Бишкек-Ош» унаа жолунун 197-чакырымында 1983-жылы туулган О.Т. аттуу Ош облусунун Алай районунун тургуну “Хонда-Степвагон” үлгүсүндөгү унаа менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып, 1981-жылы туулган А.С. аттуу Бишкек шаарынын жашоочусунун башкаруусундагы «Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен, “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши алган жаракаттарынан улам каза болуп,  эки өспүрүм Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган.

Айдоочулар Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

10-май, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X