Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бүгүн, 27-ноябрда кар жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнүн кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, чектөө Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан «Сосновка» постунда саат 11:15тен тартып күчүнө кирген.
Мындай чечим жол кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, № 9 Жол-транспорт инспекциясынын сунушунун негизинде кабыл алынган.
Учурда чектөөнүн алынуусу боюнча кошумча маалымат берилери күтүлүүдө.
ӨКМ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, аба ырайын эске алууга жана коопсуздук талаптарын аткарууга чакырат.