Кыргызстан менен Түркиянын депутаттары футбол ойноду
Бүгүн, 21-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан менен Түркиянын парламент депутаттарынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттеш өттү.
Спорттук иш-чара эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталды. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган кыргызстандык эл өкүлдөрү жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары катышты.
Беттештин алдында Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Түркияны тарыхый байланыштар, маданий жана руханий жакындык бириктирип турарын белгиледи. Ошондой эле акыркы жылдары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтык жигердүү өнүгүп жатканын айтты.
Төраганын айтымында, мамлекеттер аралык мамилелер расмий жолугушуулар менен гана чектелбестен, спорттук иш-чаралар аркылуу да бекемделет. Мындай жолугушуулар депутаттардын жакындан таанышып, достук мамилелерди өнүктүрүүсүнө шарт түзөт.
Ал эми Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Үнал Караман бүгүнкү беттеш парламенттер ортосундагы достукту жана өз ара ишенимди мындан ары да чыңдай турганын билдирди.
70 мүнөткө созулган жолдоштук беттеш 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.