Бишкек шаарында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдыктын алкагында Муромский көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган көчөдөгү курулуш иштерин ишке ашыруу үчүн муниципалдык жер тилкелеринде жайгашкан жеңил типтеги объекттерди көчүрүү жана аймактарды бошотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан бул аймакта 40тан ашык чарбалык субъектке таандык 80ден ашуун объект жайгашкан.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын адистери объект ээлери менен түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин жүргүзүштү. Өткөрүлгөн жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жер пайдалануучулар шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган иштерге колдоо көрсөтүп, ээлеп турган жер тилкелерин бошотууга макул болушту.
Бүгүнкү күндө 30га жакын чарбалык субъект өз объекттерин ыктыярдуу түрдө демонтаждап, муниципалдык жерлерди бошотушту. Калган аймактарды бошотуу иштери белгиленген планга ылайык улантылууда.
Маалыматка ылайык, көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жалпысынан 4 миң чарчы метрден ашык муниципалдык жер бошотулат.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардык инфраструктураны өнүктүрүү иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, колдоо көрсөткөндүгү үчүн тургундарга жана ишкерлерге ыраазычылык билдирет. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында жол тармагын жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү боюнча маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлүүдө.