Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 36

Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү №88 дарегиндеги «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик мекемесинин жана Раззаков көчөсү №62 дарегиндеги №3 кесиптик лицейдин тосмолору өз ыктыяры менен алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Патрис Лумумба көчөсү №161 дарегиндеги жана №10 кичирайондогу күркөлөр, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаментинин тосмолору демонтаждалды.

Белгилей кетсек, күн сайын инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырууга болорун билдирет:

— Свердлов району боюнча: 0705003137;
— Октябрь району боюнча: 0551551745;
— Биринчи май району: 0555404818;
— Ленин району боюнча: 0550070505.

19-апрель, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X