Бишкек шаарындагы 3 мектеп онлайн окутууга өттү

23-январь, 2023-ж. / Редакция / Билим 36

Бишкек шаарындагы 3 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, №78, 81, 96 билим берүү жайларындагы окуучулар бир апта аралыктан билим алышат.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, №78, 81 96 мектептер бир аптага онлайн окутууга өткөрүлдү», — деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, буга чейин өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, бир нече мектептер онлайн окутууга өткөрүлгөн болчу.

23-январь, 2023-ж. / Редакция / Билим 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X