Бишкек шаарындагы 3 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, №78, 81, 96 билим берүү жайларындагы окуучулар бир апта аралыктан билим алышат.
«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, №78, 81 96 мектептер бир аптага онлайн окутууга өткөрүлдү», — деп билдиришти мекемеден.
Эске салсак, буга чейин өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, бир нече мектептер онлайн окутууга өткөрүлгөн болчу.