Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда

Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
17-июнга карата 368 учур катталган. Анын 335и ПЧР тест менен тастыкталса, 33ү пневмония экен. Өз сөзүндө, вице-мэр Бишкекте 23 мобилдик бригада иштеп, ПЧР тесттер акысыз жүргүзүлүп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, шаардын мэриясы кооптуу абалды жөнгө салуу максатында 2021-жылдын 17-июнунан баштап көңүл ачуучу жайлардын (түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке, барлар) иштөө убактысына 23.00дөн 07.00гө чейин чектөө киргизген.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X