Бишкек–Тбилиси алакасы чыңдалат
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту.
Жолугушууда Бишкек жана Тбилиси шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, муниципалитеттер аралык байланыштарды чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Айбек Джунушалиев элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн достук мамилелерин бекемдөөгө, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жана шаарлар ортосундагы түз кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Өз кезегинде Леван Диасамидзе жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Ошондой эле маданият, туризм жана шаардык өнүгүү тармактарында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маанилүү экенин баса белгиледи.