Бишкек – тынчтыкка келүү үчүн сүйлөшүүлөрдүн аянтчасы боло алабы?
Эл аралык акыркы маалыматтарга таянсак, Америка менен Англия өз жарандарына Украинадан чыгып кетүү боюнча сунуш беришти. НАТО болсо аскердик күчтөрүн ыкчам даярдыкка келтирип, “согуш чыгып кетпесин” дегендей сактануу чараларын көрүп, чыгыш Европага кошумча тик учактары менен аскердик кемелерин жөнөтүп жатканы айтылууда.
Ушундай кырдаалга жооп кылып, Россиянын Тышкы иштер министрлиги Москва менен Вашингтондун башкы дипломаттары чыңалууну басаңдатуунун үстүндө иштеп жаткан маалда НАТОнун Украинанын айланасындагы абалды “курчутуп жатканы” туура эмес деп эсептейт. Кремль туугандык жагы бар кошунасын басып алуу максаты жоктугун айтып, эгерде НАТО Украинага карай аймагын кеңейтпөө кепилдигин берсе, аскерлерин чек арага жакын жерден алып кетерин айтып жатат.
Негизи 2021-жылдын күз айларынан бери эл аралык маалымат каражаттарында Россиянын Украинага ыктымалдуу “басып кирүүсү” кызуу талкууланып келет. Айрым маалымат каражаттары Россиянын Украина менен чек арасына жакын жерде болжолдуу 100 миңдей жоокерлери бар экенин айтууда. Жакындан бери Европа өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары Россия тараптан реалдуу коркунуч туулуп жатканын көбүрөөк сөз кыла башташты. Ал эми Россия өз аймагындагы жоокерлери менен аскер техникаларын каалаган жерине жайгаштырып, машыгууларды өткөрүүгө укуктуу экенин билдирип келет.
Кантсе да дүйнө жүзүндө эч бир согуш болбосун деп тилейли. Жалпы адамзат Экинчи дүйнөлүк согуштун кесепеттерин али унута элек. Ансыз деле пандемиянын запкысынан нечендеген адамдар өмүр менен коштошуп, дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасы бир кыйла төмөндөп кетти. Буга Жер планетасы нормадан ашык ысып жатканынан улам да түрдүү экологиялык кырсыктар орун алганы кошул-ташыл болууда. Ушундай кыйын учурда дагы бир глобалдык согуштун болушунун эч кимге кереги жок. Андай согуш адамзатка орду толгус апааттарды алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, дүйнө жүзү Украинанын тегерегинде болуп жаткан маселелерге өтө тынчсыздануу менен байкоо салып турат. Бул кырдаалга карата Кыргыз Республикасынын эли да кош көңүл эмес. Маселе тынч бүтүп кетээр бекен деген үмүттө турушат.
Украинадагы оор кырдаал боюнча легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер Бегиш Аматов мындай дейт:
tov-1.jpg» alt=»» width=»2000″ height=»1330″ />“СССР ыдырап жаткан кезде Михаил Горбачев көп маселелер боюнча ойлонбой эле макул боло берген. Ошонун жыйынтыгынын бири – Украинанын тегерегинде болуп жаткан эл аралык жаңжалга алып келди. Маселен, Америка баштаган Батыш алгач Балтика боюндагы 3 республиканы өзүнө тартты. Мына эми Украинаны, андан сырткары Грузияны НАТОго мүчө кылып алгылары келип жатат. Эгерде Украина НАТОго мүчө болуп кирсе, ал уюмдун чеги Россиянын борбору – Москвага бир кыйла жакындайт. Буга Россия жол береби? Албетте, жол бербейт. Негизи орустар менен украиндердин тарыхын карасак, түбү бир эле эл. Булар азыркыдай чоң чатакка жетпеши керек болчу. Бирок, өкүнүчтүүсү ага жетип алышты. Эми колдон келсе сүйлөшүү жолу менен ынтымакка келиши керек. Болбосо бул жаңжалдын кесепети согушка айланып кетиши мүмкүн. Кантсе да аягы жакшылык менен ынтымакта бүтсүн деп туралы”.
Бул багытта экс-акыйкатчы, коомдук-саясий ишмер Токон Мамытов өзгөчө пикир айтты:
tov-1.jpg» alt=»» width=»2000″ height=»1330″ />“Азыркы Украинадагы кырдаал 2014-жылдан бери чоюлуп отуруп, аягы чоң чыр-чатакка айланып бара жатат. Бул жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө дүйнөнүн Германия, Франция сыяктуу кадыр-барктуу өлкөлөрүнүн чыгаан дипломаттары катышса да бир жыйынтык бербей келүүдө. 2020-жылы Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Украинада тынчтык орнотуу боюнча сунушу менен Беларусь Республикасынын борбору Минск шаарында тараптар келишимге кол коюшкан. Бирок, ал иш жүзүнө ашпай калды.
Ушундай учурда Кыргыз Республикасы тараптан тынчтык демилгеси көтөрүлсө жакшы болот эле деп ойлоп жатам. Анткени, кыргыз жергесинде ушундай чыр-чатактардын түйүнү оң жакка чечилгени бар. Эске сала кетсем, Тажикстандагы жарандык согуш боюнча эки тарабынын тең өкүлдөрү Бишкекке келип сүйлөшүшүп, тынчтык келишимине кол коюшкан. Ошону менен жарандык согуш токтогон. Ошондой эле тоолуу Карабахтын тегерегиндеги азербайжан-армян чыр-чатагы боюнча дагы сүйлөшүүлөр алгач кыргыз жергесинде башталган. Аягында тынчтык менен бүткөн эле.
Азыр дагы кыргыз бийлиги тынчтык сүйлөшүүнү өткөрүү үчүн Украина, Россия, Америка, Германия, Франция жана башка өлкөлөргө кайрылуу жасаса жакшы болмок. Себеби, биз алардан алыста болгондуктан, сүйлөшүү бул жакта башкача атмосферада тынч өтмөк. Эгерде ушундай жакшы демилге ишке ашып калса, анда Кыргыз Республикасы жана анын борбору – Бишкек дүйнөлүк тарыхка аты жазылып калмак. Кыргыз эли да дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай болуп таанылмак. Анткени, “кокусунан согуш чыгып кетеби” деп азыр жалпы дүйнө эли чочулап жана санааркап турат. Ушундай кезде демилге бизден болуу менен тараптар борборубузга сүйлөшүүгө келип, аягында эки жакты тең канааттандырган тынчтык келишимине жетишишип, ал документ иш жүзүнө ашып кетсе, чындап эле тарыхта калабыз. Кооптуу согушту болтурбай калуу үчүн азыр тездик менен колдон келген аракетти жасап калуу зарыл”.
Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров: