Бишкек Жаңы жылга даярданууда
Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балатыны орнотуу иштерине «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери тартылган.
Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.
Ал эми борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.